Садыр Жапаров: «Премьерди жоюп, Элдик курултайды киргизүүнү мен сунуштадым»

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров «7-каналга» маек куруп, Конституциянын жаңы долбоору жана учурагы Баш мыйзам тууралуу оюн билдирди.

*«7-канал» Казыбек Ташиевге таандык. Ал УКМКнын төрагасы, Жапаровдун жакын досу Камчыбек Ташиевдин бир тууганы.

Садыр Жапаров Конституциянын жаңы долбооруна автор болбогондугун айтып, Баш мыйзамдын долбооруна болгону эки сунуш киргизгенин билдирди. Алар — премьер-министрдин ыйгарым укуктарын президентке өткөрүп, Элдик курултай органын киргизүү.

Жапаров 2010-жылкы Конституция Өмүрбек Текебаевдин «жеке кызыкчылыгында» кабыл алынганын айтып, аны анык «Хандык конституция» деп атады.

«Конституциянын бүгүнкү долбоору — бул 2010-жылдан бери талкууланып келген долбоор. Бул 2010-жылы Текебаевдин Конституциясына альтернатива катары киргизилген долбоор болчу. [...] Бул долбоордун башында Бекболсун Бөрүбашев, Кадыр Кошалиев, Азимбек Бекназаров, Байас Турал (Абдрахман Алымбаев) баштаган жана андан башка 20дан ашык адам турат — авторлору», — деди Жапаров.

*Учурда Жогорку Кеңештин расмий сайтында Конституциянын жаңы долбоорун 80 депутат демилгелегени жазылып турат. Анткен менен Конституцияны ким жазганы белгисиз, ошондой эле демилгечи катары көрсөтүлгөн бир катар депутаттар Баш мыйзам долбооруна автор болуудан баш тартышты.

Жапаров учурдагы Баш мыйзам боюнча «бүт бийлик президенттин колунда» деп эсептейт.

«Спикерди дагы, премьерди дагы президент коёт. Утуп келген партиялар ким спикер, ким премьер болот деп президенттин көзүн карап отурушат. Президент болсо “баланчаны спикер кыл, түкүнчөнү премьерге көрсөткүлө”, “үчөөң коалиция түзгүлө, тиги экөөнү оппозицияга таштагыла” дейт. Мына ошол Конституция менен 10 жылдан бери [жашап келебиз]. Соттордун баарын президент шайлайт — райондук, облустук, Жогорку соттун, Конституциялык палатанын бүт баарын президент шайлайт», — деди Жапаров.

*Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин спикерин шайлоого жана премьер-министр жетектеген өкмөттүн курамын бекитүүгө депутаттар гана укуктуу. Президент үч күндүн ичинде өкмөттүн бектилиген мүчөлөрүн дайындашы керек. Эгерде президент аларды үч күндүк мөөнөттө дайындабаса алар дайындалган болуп эсептелет. Ал эми жергиликтүү соттордун судьялары Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча Президент тарабынан дайындалат. Ал эми Жогорку соттун жана Конституциялык палатанын судьяларын Жогорку Кеңеш шайлайт.

Ошондой эле Жапаров Өмүрбек Текебаев жана Роза Отунбаеваны Конституциялык кеңешмеге катышууга чакырды.

«Академиктер, юридика илимдеринин докторлору, кандидаттар — ар тармактан турган 90 киши талкуулап [Конституциянын жаңы долбоорун] жатат. Кеңешменин мүчөлөрүнө айтаар элем: эч ким түртүп, зордоп “эртең, бирсүгүнү кабыл ал” деп аткан жок. Элдин талкуусуна койгула деп жатабыз. Эгерде мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына каршы келбесе, элден сунуш түшсө анын баарын кабыл алгыла деп жатабыз. Ошол эле Текебаев, Отунбаевалар көчөдө сайрабай ошол жерге барып “мына бул нерсени алып коёлу, мына бул нерсени кошуп коёлу” деп сунушун берсин. Аларды эч ким эшикке чыгарып коюп жаткан жок», — деди Жапаров.

*Конституциялык кеңешмени президенттин милдетин аткаруучу спикер Талант Мамытов түзгөн. Анткен менен Мамытовдун кеңешмени түзүүгө ыйгарым укуктары жок — ал парламенттин токтому менен түзүлүүсү керек. Мындан сырткары Конституциялык кеңешмеде Баш мыйзамдын жаңы долбоорун сындаган мүчөлөр дээрлик жок.

17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун демилгелеп, коомдук талкууга чыгарышкан. Жаңы Конституцияны кабыл алуу тууралуу референдумду 2021-жылдын 10-январында өткөрүү пландалууда.

Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, президенттин ыйгарым укуктары күчөтүлүп, ал беш жылдан эки мөөнөткө шайланууга укуктуу. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны 90го кыскартылып, «Элдик курултай» органын киргизүү сунушталууда — ал «кеңешүүчү, консультативдик жана координациялоочу жогорку орган» болмокчу.

Коомчулукта Баш мыйзамдын жаңы долбоору «Ханституция» деген атка конуп, бир катар саясатчылар, жарандык коом аны кескин сынга алышты. Алардын арасында экс-президент Роза Отунбаева, экс-депутат Садык Шер-Нияз, депутаттар Каныбек Иманалиев, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, саясатчы Адахан Мадумаров, «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова жана саясатчы Фелик Кулов да бар.

22-ноябрда жарандык активисттер Бишкекте «Ханституцияга жок дейбиз!», «Баш мыйзам үчүн!» аттуу тынчтык маршын өткөрүштү. Нааразычылык акциясынын катышуучулары бийликти узурпациялоого жана мыйзамсыздыкка каршы экенин айтышкан.

ТЕМА БОЮНЧА

Президенттик бийлик, цензура. Эгер жаңы Конституция кабыл алынса өлкөдө эмне өзгөрүшү мүмкүн?

Садыр Жапаровдун парламенттик шайлоо жана конституциялык реформа боюнча ою кандай өзгөрдү?

Токтогазиева: Венеция комиссиясынын бүтүмүн эске албоо Кыргызстандын аброюна шек келтирет