Ош шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам таза суу берүү дээрлик үч күнгө токтотулган. Мындан улам шаар тургундары социалдык тармактарда суу берүүнү талап кылып, мэрияны сынга алышкан. Нааразычылык шартында калаа башчысы Алмаз Мамбетов маалымат жыйын куруп, таза суу көйгөйүн чечүүнү убада кылды.
*Калаанын дээрлик жарымы Ак-Буура дарыясынан суу ичет. Жамгыр жааган күндөрү суу берүү токтотулуп, айрыкча көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары үчүн бир топ ыңгайсыздыктар жаралат.
Мамбетов журналисттерге жамгыр жааган сайын суу токтотуу маселесин чечүү үчүн аткарылуучу эки долбоорду айтып берди. Биринчиси, Ак-Буура дарыясындагы плотинаны жогору жакка карай 2,4 чакырымга жылдырып, сууну диаметри 1000 мм болгон түтүктөр менен тартып келүү пландалууда.
Анткени калаа бийлигинен сууну дарыянын боюндагы кум карьерлери булгап жатканын негиздеп, суу тосмону жылдыруу зарылчылыгы бар деп эсептешет.
Бул долбоор үчүн Азия өнүктүрүү банкы грант түрүндө 3 млн АКШ долларын бөлүп бермей болгон. Мэр тендер ушул жылдын июль айынан кечиктирилбей өткөрүлө турганын жана курулуш иштери сентябрда башталып, бир жылда аягына чыгарын айтты.
«Буга чейин долбоорлор иштелип чыгып, бирок жыйынтык болбой калган иштерди эске алдык. Ар кайсыл өлкөнүн адистери менен кеңештик. Вице-мэр ушул көйгөй боюнча башка өлкөлөргө барып тажрыйба алып келди. Биз үчүнчү долбоор менен таза суу маселесин 80% гана чечебиз, көйгөй толук чечилбейт», — дейт мэр.
Мамбетов долбоорду министрлер кабинети тарабынан колдоого алынып, тиешелүү сметалык-документтер даярдалды деп ишендирди.
Калаа башчысы пилоттук долбоор катары сууну мембраналык тазалоо ыкмасы киргизилип жатканын айтты. Анткени, Кызыл-Кыштак жылгасынан сел суулары келген учурда жаңы курулчу 2,4 километр түтүкчө сууну таза алып өтүп турат. Бирок Папан суу сактагычынан суу ылай келсе, сууну тазалоого учурдагы фильтрлердин күчү жетпей калат.
Мамбетов 3 аптанын ичинде сууну фильтрлөөчү 20 тонналык контейнер станция алынып келерин белгилеп, ал Ак-Буура дарыясынын Кара-Суу районунун Озгур айылындагы аймагына коюла турганын айтты.
«Аталган техниканы сыноо иретинде алып келип жатабыз. Бул технология азыр Бакуда, Казакстанда активдүү колдонулуп жатат, ал жерге маселени тереңирээк изилдөө үчүн тиешелүү адистер жиберилет. Эгер эффективдүү болсо, мындан ары колдонобуз. Ал контейнер сууну 99 пайызга чейин тазалап берет. Жада калса азыр биз ичип жаткан хлор суудан дагы таза болот. Эгер ошол система иштеп кетишине көзүбүз жетсе, анда күнүнө 150 миң тонна сууну тазалай турган технологияны колдонушубуз керек», — деп түшүндүрдү Мамбетов.
Ошондой эле мэр мембраналык тазалоо технологияны толук ишке киргизүү үчүн 10 млн доллар керектигин кошумчалап, бийликтен каржы жагын чечип беришин сурана турганын билдирди.
«Документти колго бергиле»
Ал эми шаардык кеңештин депутаты, эколог Абжапар Аккулов шаар тургундарын таза суу менен камсыз кылуу маселеси боюнча мэрдин жана вице-мэрдин ишин сынга алды. Анын айтымында, калаа бийлиги эки долбоор боюнча тең коомчулукка толук маалымат бербей жатат.
«Ошол документти колго бергиле, ачык талкуу кылбайлыбы деген сунушум артка жылып эле келе жатат. Бул долбоор [плотинаны жылдыруу] 2018-жылы* эле даяр болгон. Ошону эле сыр кылып эле өздөрүнчө бекитип жатышкан. Азыр биз макул болбогон бир топ позициялар бар. Мисалы, кээ бир жерде түтүктү жердин үстүнөн алып өтөбүз. Көпүрөгө окшотуп, мост кылып сел аккан жерлерден аттатып өтүп кетебиз деп жатышат. Бирок сел анын баарын алып кетиши ыкмал десем. Ошондой болушу мүмкүн деп жатышат», — деди Аккулов.
*Оштун экс-мэри, учурдагы парламенттин депутаты Таалайбек Сарыбашов да суу көйгөйүн чечүүнү убадалаган. Плотинаны жылдыруу долбоору анын тушунда башталып, экс-мэр өзү Азия өнүктүрүү банкы 3,5 млн доллар бөлүп бермей болгонун айткан. Анын 500 миң долларына суу тазалоочу жайга хлорат жабдыгы алынган. Сарыбашов долбоорду аягына чыгара электе кызматынан кеткен. Анын тушунда башталган долбоорду учурдагы мэр Алмаз Мамбетов ишке ашырууда.
Ошондой эле Аккулов мембраналык тазалоо ыкмасын колдонууда суунун минералдык курамын эске алуу керектигин айтат.
«Биз бүгүн суунун ылайкаланганын эле эске албастан, бактерияларды да кошо эске алышыбыз керек. Алар саламаттыгыбызга кооптуу жагдайларды түзүп жатканын эч ким айтпай жатат. Мембрана ушул жагын дагы тазалап берсе жакшы болмок», — дейт депутат.
Натыйжа бербеген долбоорлор
Биринчи долбоор «Подрусловый водовод» деп аталып, 2010-жылы бүткөн. Анда дарыянын 2 метр тереңдиктеги түбүнө тешик түтүктөр коюлган. Долбоор боюнча түтүктөрдүн үстүнө таш тизилип, суу ылайкаланганда таштын ичинде калып, таза суу чыгат деп божомолдонгон. Ага жергиликтүү бийликтен 22 млн сом сарпталганы менен күткөн натыйжаны берген эмес.
Экинчи долбоор «Инфильтрациялык галерея» деп аталган. Инфильтрациялык галерея — дарыянын өзөнүнө орнотулуучу суу бөлүштүрүүчү жай. Ал жер алдынан тазаланган сууну дарыянын жогору бөлүгүнөн өткөрөт. Ал Азия өнүктүрүү банкынын «Шашылыш жардам» долбоорунун алкагында курулган.