Экс-мэр Сарыбашов: Ошту таза суу менен камсыздоого 3,5 млн доллар сарпталат

Таалайбек Сарыбашов. Сүрөт: «Клооп»

Ош шаарын таза ичүүчү суу менен камсыздоо долбооруна 3,5 млн доллар сарпталат. Бул тууралуу экс-мэр Таалайбек Сарыбашов 2-августта кызматын тапшырып жатып билдирди.

«Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алар кайрадан 3,5 млн долларды чечип беришти. 500 миң долларга иштер жасалып бүттү», — деди Сарыбашев.

*Сарыбашов бул каражаттар кандай шарт менен бериле турганын ачыктаган жок. Ал эми мэриянын басма сөз кызматынан бул каражат кандай шартта берилээрин тактоого жасаган аракетибизден майнап чыккан жок.

Оштун экс-мэри учурда Азия өнүктүрүү банкынан калган 3 млн доллар каражатты алуу боюнча келишим Жогорку Кеңеште ратификацияланганын дагы кошумчалады. Анын айтымында, бул каражат жакын арада Ош мэриясына которулат.

«Журналисттер, сиздер дагы ушул келген акчаны көзөмөл кылып, мурунку кемчиликтер кетпеши керек. Бирок дагы бир жолу айтып коюш керек, Ошто суу маселеси 100 пайыз чечилет дегенден алыс болуш керек [...] Кудай буюрса, жакын арада Ош шаарында таза суу 80-90 пайыз чечилет деген ойдобуз», — деди ал.

Оштун экс-мэри калааны толугу менен үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоо үчүн Өзгөн районунун Куршаб айылынан суу тартып келүү долбоору бар экенин, бирок ага бир нече миллиард сом кете турганын кошумчалады.

Ак-Буура дарыясын жамгырдан сактоо аракеттери

Ош шаарынын тургундарын жамгырдан кийин суунун булганышы маселеси кыйнап келет. Катуу жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясы булганып, көпчүлүк аймактарда суу токтоп калат. Ош мэриясы бул маселени чечүү үчүн бир нече долбоорду ишке ашырган, бирок алардан майнап болгон эмес.

«Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Талант Байкишиевдин айтымында, алгачкы жолу муниципалитет 2008-2009-жылдары Ак-Буура дарыясында «Подрусловой водовод» долбоорун ишке ашыра баштаган. Ага шаардык бюджеттен 23 млн сом бөлүнгөнү менен долбоор эч кандай натыйжа берген эмес.

Ал эми 2010-жылдагы «июнь коогасынан» кийин Ош шаарын калыбына келтирүү дирекциясы «инфильтрациялык галерея»* долбоорун ишке ашыра баштаган — ал Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган. Бирок ал бүгүнкү күндө 20-25%га гана иштеп жатат.*Инфильтрациялык галерея — дарыянын өзөнүнө орнотулуучу суу бөлүштүрүүчү жай. Ал жер алдынан тазаланган сууну дарыянын жогору бөлүгүнөн өткөрөт.

Учурда ишке ашырылып жаткан долбоор боюнча таза суу Ак-Буура дарыясынан 2 чакырым жогору турган жерден алынат, башкача айтканда, суу ылай суу чыккан жылгадан жылдырылат. Ак-Буура дарыясы Папан суу сактагычынан эмес, ага кошулган жылгалардан улам булганат.