Милиция «Ала-Тоо» аквапаркында каза тапкан үчүнчү класстын окуучусунун өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу «Клоопко» Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.
Милициянын маалыматына ылайык, 6-июнда Бишкек ШИИБне «Ала-Тоо» аквапаркында окуучу чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Жерине алдын ала маалымат алуу үчүн укук коргоо органдын кызматкерлери барган.
Ал жактан №95 мектеп-гимназиясынын администрациясы окуучуларга аквапаркта эс алуу уюштурушканы, жеке бассейнде 3-класстын окуучусу чөгүп каза тапканы белгилүү болгон.
Милициядан аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» жана «Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү» беренелеринин негизинде эки кылмыш иши козголгонун белгилешти. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Иликтөө уланып жатат.
Мэриядан эмне дешти?
Буга чейин Бишкек шаардык мэриясына караштуу билим берүү башкармалыгынын башчысы Данияр Абдуазизов «Клоопко» мектеп окуучусу каза тапканын тастыктаган.
Бирок, анын айтымында, окуянын себептери азырынча белгисиз.
«Мектеп жамаатынын жоопкерчилигин кароо боюнча комиссия түзүлдү. Азырынча балдар [аквапаркка] мектептин демилгеси менен барышканбы же кандай азырынча маалымат жок. Сабак учурунда же мектептен тышкары бош убакта барышканбы, белгисиз», — деген Абдуазизов.
Каза тапканын баланын апасы эмне дейт?
Сууга чөгүп каза тапкан баланын апасы 6-июнда уулу аквапаркка классы менен кеткенин айтып берген. Анын айтымында, окуучулар аквапаркка барардын алдында, балдарга куткаруучулар менен эки чоң киши көз салып карап турарын айтышкан.
Баланын энеси кырсыктан кийин тез жардам дароо чакырылбаганын да билдирген. Ал медиктер аквапаркка өзү жетип баргандан кийин гана артынан келишкенин кошумчалаган.
Аялдын айтымында, медиктер баланы көрүп, окуучу тез жардам келгенге чейин эле көз жумганын айтышкан.
«Бизди, ата-энелердин баарын ал жерде куткаруучулар болот деп ишендиришкен да. Уулумдун өлүмү үчүн эми ким жооп берет? Бир айдан кийин, 12-июльда, 10 жашка чыкмак», — деп жазган баланын энеси.