Temirov Live: Арзыбек Буркановго байланышы бар компания ири тендерлерди утуп жатат

Temirov Live’дын журналисттери кезектеги иликтөөсүн жарыялап, президенттин жакын адамы Арзыбек Буркановго байланыштуу компания ири мамлекеттик тендерлерди ута баштаганын айтып беришти.

Иликтөөчүлөр Бурканов менен байланышы бар «Евразия-Строй Сервис» курулуш компаниясынын директору Ильязбек Апызов 2020-жылы ошол убакта президенттикке талапкерлигин койгон Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна 5 миллион сом которгонун эске салышты. Бурканов менен «Евразия-Строй Сервис» компаниясынын байланышы бар экенин «Ачык бюджет» сайты да бышыктап турат. Ага ылайык, Бурканов жана анын туугандары компаниянын салыктарын төлөп жүрүшкөн.

Апрелде Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медакадемиясы (КММА) котлован казууга 3,9 млн сомдук тендер жарыялаган. Иликтөөчүлөр бул тендерди «Евразия-Строй Сервис» компаниясы утуп алганын белгилешти.

Кийин ушул эле компания КММАнын окуу-дарылоо комплексин курууга жарыяланган тендерди дагы уткан. Тендер 82 млн сомго жарыяланган. Жаңы имаратка 28-июнда Баткен облусуна болгон иш сапарында президент өзү капсула салган.

«Эң кызыгы мамлекеттик сатып алуу порталы боюнча, бул компания өз тарыхында эң көп дегени 3 млн сомдук тендерди [гана] утуп көргөн. Бирок бул тажрыйбасы ага ири суммадагы [82 млн сомдук] тендерди утканга тоскоол болгон жок», — деп белгилешти Temirov Live’дын журналисттери.

Журналисттер президент Мамлекеттик ипотекалык компаниясына (МИК) өткөрүп берген үйү азыр Бурканов менен Апызовдун туугандары менен байланышы бар Гүлнара Таракуловага деген аялга өткөнүн дагы аныкташкан. Бул үйдү МИК үстүбүздөгү жылдын май айында 28 млн сомго саткан. Анда сатып алган адам жашыруун калгысы келгени айтылган.

Таракулова — «Кыргыз Жери» партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал 2021-жылы бул партия менен Арзыбек Буркановдун тууганы, Имамназар Бурканов менен бирге Баткен шаардык кеңешине депутаттыкка ат салышкан. Мындан тышкары, Ильязбек Апызов аталган партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналат.

Бурканов деген ким?

Арзыбек Бурканов — Бакиевдин «Ак Жол» партиясынан шайланган Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты. 2011-2012-жылдары Бурканов Баткен облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болгон. 2015-жылы «Кыргызстан» саясий партиясынын курамына кирген. Бурканов Садыр Жапаровдун жакын досу болуп саналат.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев 2021-жылдын апрель айында Бурканов өлкөдө абдан чоң таасирге ээ экенин айткан.

«Президенттин тегерегинде таасирдүү адамдар бар. Алар бир өзүнчө топ — Бурканов, Гайпкулов, [Садыр] Жапаровго жакын эң таасирдүү топ. Азыр резюме көтөргөндөрдүн баары ошого чуркайт. Азыр өкмөт үйүнө барсаңар, премьер-министр таарынбасын, Буркановдун кабылдамасын, анан Мариповдун кабылдамасын салыштырып көрсөк болот. Кимдикинде киши көп, чиновниктер, резюме көтөргөндөр, папка көтөргөндөр, шайлоого барам дегендер, кимдин кабинетине кезек күтүп, сыртка чейин чыгып кеткендерди көрүп, премьер-министрдикинде канча адам отурарын салыштырып көрсөңүздөр эле Кыргызстанда ким эмненин баарын чечип жатканын [түшүнсө болот]», — деген ал.

*Искендер Гайпкулов президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген. Азыр ал БШКнын мүчөсү.

Буркановдун кримтөбөл Камчы Көлбаев менен дагы өз ара мамиледе экени белгилүү — ал 2013-жылы кримтөбөл менен алты жылдан бери тааныш экенин айткан. Буга чейин алардын ортосунда чыр чыккан. Анда Бурканов башка ишкерлер менен бирге Көлбаевге «аксакал» катары алардын ортосунда акча талашуу маселесин чечип берүүсүн өтүнүп кайрылышкан.

Ошондой эле Бурканов 2013-жылы кыймылсыз мүлккө байланыштуу болгон Камчы Көлбаевдин ишинде күбө болгон. Бул иште кыйыр түрдө Садыр Жапаровдун дагы аты аталган.