Ипотекалык компанияга өткөн Садыр Жапаровдун үйү 28,5 млн сомго сатылды

«Мамлекеттик ипотекалык компания» президент Садыр Жапаровдун үйүн сатты. Бул тууралуу 24.kg басылмасы МИКке таянып жазды.Мурдараак президент үйүн «Мамлекеттик ипотекалык компанияга» кайтырымсыз негизде өткөрүп берген болчу.

Эки кабаттуу үй 28 млн 50 миң сомго сатылган, бирок сатып белгисиз калууну каалаган.

Садыр Жапаров 2021-жылдын 30-сентябрында, мурда өзү жашаган Бишкек шаарындагы үйүн кайтарымсыз негизде «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» балансына өткөрүп берген.

Жапаров үйүн жеке турак жай рыногун жакшыртуу жана «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик программасынын алкагында муктаждарды турак жай менен камсыздоо максатында МИКке өткөрүп берип жатканын айткан.

Президенттин айтымында, МИК бул турак үйдү аукционго койсо, анда бул акчага жеңилдетилген ипотекалык насыялоо программасынын алкагында 10 үй-бүлөнү батир менен камсыз кылууга мүмкүн болорун айткан.

Кыргызстанда «Менин үйүм 2021-2026» турак-жай программасы 16-сентябрдан тартып ишке кирген. Программанын жардамы мамлекеттик кызматкелер жылыны 4%, калган жарандар 8% менен жеңилдетилген ипотекалык насыя алса болот.

МИК өлкө башчысынын мурдагы үчүн 2021-жылдын ноябрында аукционго койгон болчу.

Ачык аукцион 2021-жылдын 24-декабрында өткөн. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, эки кабаттуу үйдүн техникалык абалы — мыкты. Аянты 390 чарчы метр, жер тилкесинин жалпы аянты — 852 чарчы метрди түзөт.