Ош шаарында жол кырсыгы катталып, үч адам каза тапты

Сүрөт: Turmush

26-июлга караган түнү Ош шаарында жол кырсыгы катталып, үч адам каза тапты. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык түнкү саат 01:30 чамасында Сулайман-Тоонун маңдайындагы Гапар Айтиев көчөсүндө катталган. Hyundai Santa Fe унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жарнак тактайчасын сүзүп токтогон.

Ал учурда унаа талкаланып, үч адам каза болгон. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

Кыргызстанда жыл сайын жол-транспорт кырсыктары көбөйүүдө. 2021-жылы өлкөдө 7 437 транспорт кырсыгы катталган, бул 2020-жылдагыга салыштырмалуу 22,9%га көп. Анда жол-транспорт кырсыктарынан 800дөн ашык адам каза тапкан.

Ал эми акыркы төрт жылда өлкөдө 32 миңден ашык жол кырсыгы катталып, 4006 адам каза тапкан. 49 639 киши түрдүү жаракаттарды алган.