Ош: Жол кырсыгынан каза тапкандар Орусиянын коопсуздук кызматкерлери экени аныкталды

Кырсык болгон жер. Сүрөт: Turmush

26-июлда Ош шаарында жол кырсыгынан каза тапкан үч киши Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын чек ара кызматкерлери экени аныкталды. Маалыматты «Медиахабдын» журналисттерине Орусиянын Оштогу консулдугунан тастыкташты.

Коопсуздук кызматынын чек ара кызматкерлери Ош шаарына эмне үчүн келгени белгисиз.

26-июлга караган түнү Ош шаарында жол кырсыгы катталып, үч адам каза тапкан. Кырсык түнкү саат 01:30 чамасында Сулайман-Тоонун маңдайындагы Гапар Айтиев көчөсүндө катталган.

Анда Hyundai Santa Fe унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жарнак тактайчасын сүзүп токтогон.

Ал учурда унаа талкаланып, үч адам каза болгон. Милиция кырсыктын чоо-жайын тактап баштаган.

Кыргызстанда жыл сайын жол-транспорт кырсыктары көбөйүүдө. 2021-жылы өлкөдө 7 437 транспорт кырсыгы катталган, бул 2020-жылдагыга салыштырмалуу 22,9%га көп. Анда жол-транспорт кырсыктарынан 800дөн ашык адам каза тапкан.

Ал эми акыркы төрт жылда өлкөдө 32 миңден ашык жол кырсыгы катталып, 4006 адам каза тапкан. 49 639 киши түрдүү жаракаттарды алган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош шаарында жол кырсыгы катталып, үч адам каза тапты