Factcheck.kg басылмасынын журналисттери 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо колдонулган троллдор фабрикасы тууралуу иликтөө жарыялады.
Журналисттердин маалыматына ылайык, саясатчылар чыныгы адамдар соцтүйүндөр аркылуу комментарий жазган оффлайн-фабрикаларды да, автоматташтырылган бот-фермаларды да пайдаланышкан.
Журналисттердин маалымак булагы автоматташтырылган троллдор фабрикасын «Мекеним Кыргызстан» партиясы активдүү пайдаланганын айткан. Булактын айтымында, мындай фабриканы пайдалануу үчүн партия 350 миң доллар сарптаган.
Оффлайн-фабрика кандай түзүлгөн?
Басылманын журналисттери түрдүү масштабдагы «троллдор фабрикасынын» бир нече кызматкери менен байланышып, бул уюмдар шайлоо учурунда кантип иштегенин аныкташты.
Басылманын маалыматына ылайык, кийинекей фабрика 6-7 кишиден турушу мүмкүн, адатта алар кошумча кирешеге муктаж жаш улан-кыздардан турат. Алардын ар бири комментарий жазып, постторду бөлүшүү үчүн бештен фейк аккаунт ачышкан.
Ири масштабдагы фабрикаларда болсо 100дөй киши иштейт. Жумуш издегендерди тааныштар аркылуу маектешүүгө чакырышат, бирок алар эмне жумуш кылары айтылбайт. Тапшырманы аларды жумушка алгандан кийин гана түшүндүрүшөт.
Factcheck.kg басылмасынын маалыматына ылайык, ири топторго 15-20 тажрыйбалуу журналисттер кураторлук кылган. Кызматкерлер күнүнө 12 саат иштешкен. Агитация учурунда айлык акысы айына 25 миң сомду түзгөн.
Автоматташтырылган троллдор фабрикасы кантип иштейт?
«Дагы бир кызматкер менен маектешкен соң биз оффлайн “фабрикалар” – кечээки күн экенине ынандык. Капчыктуу партиялар же талапкерлер өзүнүн фейктерин жок кылчу автоматташтырылган фабрикаларды дагы алып барууга кудурети жетиптир», — деп жазышты журналисттер.
Маалымат булак басылмага 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясы 350 миң доллар төлөп ушундай фабриканы пайдаланганын айтып берген.
Маалымат булагы журналисттерге бул фабрикада болгону 15 киши иштегенин айткан. Команда бир күндө 150 жаңы аккаунтту ачкан. Жасалма аккаунттар социалдык тармактарда комментарий калтырат, ал эми бир суткадан кийин өзү эле жок болот дагы, комментарийлери сакталып калат.
«Сиз эч качан комментарийди ким калтырганын таба албайсыз. Себеби эртеси күнү бул профилге кирсеңиз, ал жок болуп кетет. Ал эми система башында жөнөкөй комментарийлерди, смайликтерди калтырчу. Кийин кадимкидей оң жана терс комментарийлерди калтыра баштаган. Аларды чыныгы колдонуучулардын комментарийлеринен айырмалоо мүмкүн эмес», – деген журналисттерге маалымат булагы.
Басылманын маектеши софт «оң» да, «терс» да комментарийлерди өз алдынча жаза аларын айтып берген. 15 кишинин үчөө контрпропаганда менен — башкача айтканда, аттандаштарын сындап иштеген.
Ошол эле учурда, маалымат булагы командада болгону бир киши кыргызстандык экенин, калган кызматкерлер чет өлкөлүктөр болгонун белгилеген. Кыргызстандык кызматкер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бардык жумуш үчүн жоопкерчиликти алган.
«Мекеним Кыргызстан» эмне деп жооп берди?
Factcheck.kg басылмасы комментарий алуу үчүн саясий уюмдун мурдагы мүчөлөрү — учурда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун жетектеп жаткан Мирлан Бакиров жана коомдук ишмер Элнура Алканова менен байланышкан.
Редакция менен маектешкенде Бакиров мындай троллдор фабрикасы тууралуу маалыматы жоктугун, жана «шайлоо учурунда партияны жетектеп, аймактарды кыдырып, программасы жана талапкерлер тууралуу маалыматты элге жеткирип турганын» айткан.
Алканова өз кезегинде, санарип ферма колдонулганы тууралуу маалыматты тастыктаган да төгүндөгөн да жок. Ал ар бир талапкер бир гана мыйзамды бузбоо талабы менен үгүт ишин өз алдынча жүргүзгөнүн айткан.
«Партиянын башка мүчөлөрү кайсы бир аймактарга жооп беришкен, бирок алар кандай иш алып барышканын билбейм, мен ал жакка кийлигишпегенге аракет кылдым… […] Ооба, ар кимдин колунан келет. Бирок эмне болгонун айта албайм. Алар жасайт же жасабайт деп дагы айта албайм. Мен алардын кылганын көргөн жокмун. Көрбөй туруп, мен алардын эмне кылганын айта албайм, бирок мен аларды коргой да албайм», – деп комментарий берген ал.
Парламенттик шайлоо
2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолгон. Жалпы өлкө боюнча шайлоочуларды массалык ташып келүү, добуш сатып алуу, админресурс колдонуу, форма №2 аркылуу жапырт каттоо сыяктуу көрүнүштөр катталган.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жарыялаган жыйынтык боюнча, Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына ошол учурдагы бийликке жакын болгон «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары өткөн.
Матраимовдор менен байланышы бар «Мекеним Кыргызстан» партиясы добуштардын 24%ын алып, экинчи орунга чыккан. БШКнын маалыматына ылайык, шайлоого чейинки үгүт иштерине «Мекеним Кыргызстан» партиясы 142,5 млн сом жумшаган.
Бирок партия парламентке келген эмес. Шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар нааразычылыкка, массалык башаламандыкка жана бийликтин алмашуусуна алып келген. БШК парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.
Матраимовдордун үй-бүлөсү — өлкөдөгү эң таасирлүү кландардын бири.
Үй-бүлөдөгү ага-инилердин бири — бажы башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимов. Ал аткезчилик жана өлкөдөн акча каражаттарын чыгарып кетүү менен алектенген бажы империясын түзгөн. Матраимов коррупцияга күнөөлүү деп табылган, бирок болгону 260 миң айып пул салынган. Ошондой эле экс-аткаминер мамлекетке накталай акча жана мүлк түрүндө 2 млрд сом төлөп берген. Таанымалдыгы боюнча экинчи орунда Искендер Матраимов — Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы. Ал катары менен эки чакырылышта парламент депутаты болуп келет.
Тема боюнча: Кыргызстанда фейктер фабрикасы кантип түзүлөт жана алардын акысы канча турат?
Башкы беттеги сүрөт: Factcheck.kg