Активисттер зомбулуктан жабыркаган 13 жашар кызга 700 миң сомдон ашык каражат топтошту

Демилгелүү топ зомбулуктан жабыркаган 13 жаштагы кызга жардам берүү үчүн 763 миң сом чогултту. Бул тууралуу 2-августта алып баруучу Эркин Рыскулбеков Твиттерде билдирди.

Ал каражат чогултуу иш-чарасы аяктаганын, ал 8-июлда башталганын эске салды.

«50 миң сомду кыздын атасына бердик. Дагы 100 миң сом “Оазис” фондунун башчысы Мээрим Осмоналиеванын катышуусунда кыздын атасына тапшырылды. [Дагы] 100 миң сом кыздын дарылануусуна жана керектүү нерселерин сатып алууга жумшалды. Калган 513 миң 242 сом атайын эсепке салынды, аны мындан ары “Оазис” фонду координация кылат. Бул каражаттын баары кыздын билим алуусуна жумшалат», — деп билдирди Рыскулбеков.

Жашы жете элек кыздын зордукталганы июлда белгилүү болгон. Бул иш боюнча Бишкекте соттук териштирүүлөр башталган.

Кылмышка милициянын эки кызматкери жана «Дордой» базарынын кароолчусу айыпталууда. Ал эми мектеп окуучусун зордуктоого айыпталган официантка карата тергөө жыйынтыкталып, иштин материалдары сотко жөнөтүлгөн. Бирок жабыркаган өспүрүм кыздын жакындары милиционерлер жоопкерчиликтен кутулуп кетеби деп тынчсызданышууда.

Кыздын атасынын айтымында, кызына карата зомбулук 2021-жылдын августунан 2022-жылдын февралына чейин созулган.

5-июлда өспүрүм кыздын зордукталганы тууралуу маалыматтар тараган шартта ИИМдин имаратынын алдында кыздар жана аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы митинг өткөн. Акциянын катышуучулары аялдардын укугун коргоону, анын ичинде ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышкан. Иш боюнча кийинки сот отуруму 4-августта болот.

Тема боюнча: «Жумуштан сырткары убакта болгон». Бийлик 13 жашар кыздын окуясына кандай реакция кылган?