Садыр Жапаров БУУда тажик агрессиясына карабастан Кыргызстан сүйлөшүүлөргө даяр экенин айтты

Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сүйлөп жаткан учуру. Сүрөт: Президенттин администрациясы.

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сүйлөдү. Жапаров өз сөзүнүн көпчүлүк бөлүгүн 14-17-сентябрда Тажикстан менен болгон куралдуу жаңжалга арнады.

Садыр Жапаров эгемендик алгандан бери Кыргызстан «эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүгө» умтулуп келерин белгиледи.

Ал СССР тарагандан кийин талаштуу аймактар жана чек ара көйгөйлөрү келип чыкканын эске салды. Анын айтымында, Кыргызстан Кытай жана Казакстан менен чек араларын тактаган, ал эми Өзбекстан менен такташып бүтүп, чек ара жөнүндө келишимге кол коюуга киришип жатат.

«Тажикстан менен болгон мамилебиз боюнча төмөнкүлөрдү билдирем. Биздин ынак коңшу элдерибиз илгертен бери өтө жакын жашайт. Бизди жалпы баалуулуктарыбыз, маданиятыбыз, каада-салтыбыз бириктирип турат, биздин динибиз бир. Биздин элдерибиз туугандык байланыштар менен чырмалышкан», — деди Жапаров.

Жапаровдун айтымында, СССР юридикалык жактан 1991-жылдын 21-декабрында Алматы шаарында тараган, мында КМШны түзүү жөнүндө декларациясы кабыл алынган.

Ал бул декларацияга КМШнын бардык 11 мамлекети, анын ичинде Тажикстан дагы кол койгонун эске салды. Декларацияда көз карандысыз мамлекеттер бири-биринин аймактык бүтүндүгүн жана учурдагы чек араларынын бузулбастыгын таанышкан.

«Андан кийин 1994-жылдын 15-апрелинде “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин суверендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана чек араларынын кол тийгистигин сактоо жөнүндө” Москва Декларациясында бул принципти Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон өзү да ырастаган. Кол койуп, макул болгон. Бирок азыр ал принциптен тайып жатканы өкүнүчтүү», — деди ал.

Жапаров Кыргызстан Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү дайыма «конструктивдүү маанайда» жүргүзүп келгенин жана эл аралык нормаларга ылайык аракеттенгенин белгиледи.

«Белгилей кетсем, 2021-жылдын апрелинде Тажикстандын куралдуу күчтөрү биздин аймагыбызга негизсиз эле масштабдуу агрессия жасады, анын кесепетинен 36 жараныбыз курман болуп, олуттуу материалдык зыян келтирилди. Кыргыз калкымдын сынына кабылсам да, ортолук аянтта жолук деген талапты коюшкан 2021-жылдын июнунда Дүйшөмбү шаарына учуп барып, чек ара боюнча өз ара пайдалуу чечимди табууга аракет кылып, президент Рахмон менен жолугуштум. Элим үчүн мен сүйлөшүүлөргө, Ошол күндөгүдөй он саат гана коротпостон, бул маселени биротоло чечүү үчүн канча болсо да убактымды дагы деле коротууга даярмын», — деп белгиледи ал.

Садыр Жапаров 14, 15 жана 16-сентябрда Кыргызстандын түштүк аймагында ири масштабдуу куралдуу кагылышуу болгонун айтты. Ал тажик тарап «мурда жетишилген макулдашууларды бузуп, кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча чек аралык жана жарандык объектилерге чабуул жасаганын» белгиледи.

Жапаров жогорудагы аракеттердин натыйжасында 140 миңге жакын кыргызстандык үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгонун кошумчалады.

«Чоң материалдык зыян келтирилди. [Бирок материалдык зыяндын ордун толтурса болот экен]. Бирок өз өмүрүн аябастан мекени үчүн согушуп курман болгон биздин эр жүрөк жоокерлерибиздин, аткылоого кабылган жарандарыбыздын ордун толтура албайт экенсиң. [...] Бизде тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар. Биз эч качан биринчи болуп кол салган эмеспиз жана кол салбайбыз. Ар дайым курал колдонуудан алыс болууга аракет жасап келебиз жана эч качан куралсыз жай тургундарды атпайбыз! Биз дайыма тажик тараптын жасаган агрессиясына адекваттуу жооп кайтаруу менен гана чектелип жатабыз», — деди президент.

Президент Тажикстан эл аралык келишимдерге карабастан «ушундай акцияларга» барып жатканы Кыргызстанды капалантарын белгиледи.

«Биз тажик кошунабыз менен кандай гана форматта болбосун, эл аралык эрежелердин негизинде, цивилизациялуу юридикалык жолдор менен сүйлөшүү процессин улантууга даярбыз. Коңшубуздун мыйзамга каршы соңку аракеттеринин кесепетинен биздин ишенимибиз солгундап кеткендигин эске алып, биз сүйлөшүүлөрдү улантууга эл аралык, анын ичинде БУУ, ЕККУ жана ЖККУ сыяктуу уюмдардын ортомчулугуна да даярбыз», — деп белгиледи Жапаров.

Сөзүн жыйынтыктап жатып Жапаров «Кыргызстан башка бирөөнүн жерине көз артпай турганын, бирок өзүнүн жеринин бир сантиметрин да бербей турганын» эскертти.

Куралдуу кагылыш

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш 14-сентябрда башталып, 16-сентябрда кыйла курчуп кеткен. 18-сентябрь кечке жуук Кыргызстандын Чек ара кызматы чек арада абал турукташуусу мүмкүн экенин кабарлаган. 20-сентябрь күнү эртең менен Чек ара кызматы Тажикстан менен чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу экенин кабарлаган.

Кыргыз бийлиги окуяны агрессия жана Тажик тарап уюштурган аскердик кол салуу деп атады. Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптоодо.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта бери дегенде 59 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Тажикстандын ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 972 км, анын болгону 600 километри макулдашылган.