Орусиянын президенти Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен жолугушууда Украинага каршы согушка мобилизациялоо учурунда жаңылыштыктар кеткенин моюндады. Владимир Путин көп балалуу аталарды, өнөкөт оорулары бар адамдарды, жашы өтүп калгандарды артка кайтарууну, тажрыбалуу дарыгерлерди аткычтардын катарына каттабоону жана фронтко жарандарды окутпай туруп жибербөөнү сунуштады.
Путин аскердик кызматка биринчи кезекте запастагылар, Куралдуу күч түзүмдөрүндө кызмат өтөгөндөр, аскердик адистиктерге жана тиешелүү тажрыйбасы бар жарандар чакырылышы керектигин эске салды. Бул туурасында орус президенти 21-сентябрда дагы, «жарым-жартылай» мобилизация жарыялап жатканда айткан. Анткен менен бул талап, айрыкча алыскы аймактарда жайгашкан аскер комиссариаттарында этибарга алынган эмес, алар аскерге чакырууну баарына катары менен жиберишкен.
«Анткен аскер кызматына чакырылгандар, аскер бөлүктөрүнө жөнөтүлөрдүн алдында милдеттүү түрдө аскердик даярдыктан өтүшү керек. Көңүл бургула: ишти уюштурууну туура жөндөө, адамдарды үйрөтүү — милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш талап», — деди ал.
Путин буга байланыштуу билдирүүсүн соцтүйүндөрдө желдей тараган сүрөт жана видеолордун шартында жасады, анда мобилизацияга кабылгандар согушка эч кандай даярдыксыз жөнөтүлүп жатканын айтышкан.
«Бардык катачылыктарды жоюу керек, мындан ары андайга жол берилбеши керек — мисалы, кызмат өтөө мөөнөтүн жылдырууга укугу бар жарандар боюнча. Мисалы, көп балалуу аталарга же өнөкөт оорусу менен жабыркагандарга же аскерге чакыруу мөөнөтүнөн өткөндөр боюнча», — деп кошумчалады Путин.
Анын айтымында, ар бир учурду өзүнчө кароо керек, эгерде жаңылыштык кеткен болсо, анда аны оңдоп, мобилизацияга негизсиз чакырылгандарды артка чакыртуу кажет.
«Мисалы, дарыгерлер, башка кесиптердеги жогорку тажрыйбалуу адистер, көп жылдык тажрыйбасына карабастан, чындап керек болгон жерлерден, мисалы, госпиталда калтыргандын ордуна, мотоаткычтар бөлүмүнө жиберилген учурлар кездешет. Эмне кереги бар? Ал эми өз ыктыяры менен аскер комиссариаттарына келгендерди, андайлар аз эмес, зарыл аскердик-окуу адистиктери жок деген жүйө менен кабыл албай эле кетирип салып жатышат. Ушул сыяктуу дагы башка көптөгөн себептерди айтышат. Мунун баарын жөнгө салуу керек», — деди ал.
Путиндин айтымында, аскерге чакыруу комиссияларына прокурорлор да кирген. Ал башкы прокурорлорду ар бир билдирүүгө реакция кылууну тапшырды.
Андай билдирүүлөр өлкөнүн улуттук республикаларында мобилизацияга каршы нааразылыктардын шартында айтылган — Дагестан, Якутия, Тыва, жана Бурятияда. Согушта олуттуу жоготууларга учураган бул аймактардын жашоочулары «атайын операциянын» маани-максатын түшүнбөй жатышканын билдиришкен.
21-сентябрда Орусияда Украина менен согушуп жаткан бөлүктөрдүн өздүк курамын толуктоо үчүн «жарым-жартылай мобилизация» жарыяланган. Пентагондун маалыматына ылайык, август айынын башында эле Орусия өлүп жана жарадар болгондорун кошуп 70-80 миң адамын жоготкон. Ал эми Украинанын куралдуу күчтөрүнүн 28-сентябрга карата маалыматы боюнча, алардын саны набыт болгондорун кошуп 58 миңден ашкан. Орусия болсо алда канча аз санды айтууда. 21-сентябрда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу орус тараптын жоготуулары болгону 5 937 киши экенин билдирген. Шойгу 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизацияга запаста турган 300 миңге жакын адам чакыртыларын билдирген. Бирок Meduza басылмасынын маалыматына ылайык, Орусия 1,2 млн адамды мобилизация кылууну көздөйт. Анткен менен орус бийлиги бул планын четке кагып келет.
«Жарым-жартылай мобилизация» Орусиядан жарандардын жапырт чыгып баштоосуна түрткү кылган. Негизги багыттардын бири Казакстан болгон. Казак ИИМнин маалыматына ылайык, 21-сентябрга карата, өлкөгө 98 миң орус жараны кирген.
Ал эми Кыргызстанда акыркы сегиз айда 170 миңге жакын орусиялык каттоого турган. Орусияда мобилизация жарыялангандан тарта, Санарип министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 3 526 киши жашаган жери боюнча каттоого турган. Ошол эле учурда өлкөдө турак жайдын ижара акысы кескин өсүп кеткен, ал эми кээ бир мейманканаларда орундар дээрлик калбай калган.
Аталган орусиялыктардын канчасында Кыргызстан менен Орусиянын жарандыгы бар экени белгисиз. Орусиянын бийлиги жаранда башка өлкөнүн паспорту бар экендиги аларды мобилизацияга тартууга тоскоолдук жаратпасын билдирген.
Тема боюнча окуңуз: Кыргыз бийлиги согуштан качкан орусиялыктарды өткөрүп береби же жокпу айтпай жатат