Кыргыз бийлиги согуштан качкан орусиялыктарды өткөрүп береби же жокпу айтпай жатат

Өлкөдө бир дагы мамлекеттик орган мобилизациядан качып келген орус жарандарын орус бийлиги экстрациялоону суранса өткөрүп береби же жокпу деп суроо салган «Клооптун» кабарчысына так жооп бере албады.

Минкабдын басма сөз кызматы бул суроону башка мамлекеттик ведомстволорго жолдоону суранышты. ТИМдин басма сөз кызматынан кабарчыбызга бул суроого жооп берүүгө компетенциялары жоктугун айтып, Санарип өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылууну өтүнүштү. Ал эми бул мекеменин басма сөз кызматынан МККнын компетенциясына жарандарды каттоо гана кирерин айтышты.

ИИМдегилер болсо ТИМ сыяктуу эле андай суроолорго жооп берүү «алардын компетенциясына кирбесин» билдиришти. ТИМге кайрадан кайрылганда мекеме журналисттен Башкы прокуратурага кайрылууну суранышты. Материал жарык көрөр алдында «Клоопко» Башкы прокуратурадан жооп келген жок.

Орус-казак чек арасында унаалардын кезеги. Сүрөт: m.zerkalo.az

Буга чейин Казакстандын ички иштер министри Марат Ахметжанов казак бийлиги Орусия Федерациясындагы жарым-жартылай мобилизациядан качып чыккан орусиялыктарды өткөрүп бербесин билдирген. Ал Орусия менен Казакстандын ортосунда соттолгондорду алмашуу жана кылмышкерлерди экстрадициялоо келишими гана бар экенин эске салган. Ахметжанов эгер эл аралык издөө жарыяланбаса экстрадициянын мобилизациядан качкан орусиялыктарга тиешеси болбосун кошумчалаган.

«Аскер комиссариаттары издесе да бул аларды өткөрүп берүү үчүн укуктук негиз боло албайт», — деген казак ИИМнин башчысы.

Өз кезегинде Орусиянын коргоо министрлиги «жарандарын мажбурлап артка кайтаруу боюнча Казакстанга жана башка өлкөлөргө эч кандай кайрылууларды жолдобогонун, андай нерсе даярдалып, пландалбаганын да» билдирген.

Орусия Украинага толук масштабдуу кол салгандан бери жарым жылдан ашык убакыт өттү. Орусия Херсон, Луганск облустарын, Запорожск жана Харьков облустарыны бир бөлүгүн басып алган. Бирок аймактарды басып алуулар согуштун алгачкы үч айында болгон, кийин украиналыктар чабуулду токтотуп, Харьков облусунун көпчүлүк бөлүгүндө көзөмөл орното алган.

Пентагондун маалыматына ылайык, август айынын башында эле Орусия өлүп жана жарандар болгондорун кошуп 70-80 миң адамын жоготкон. Ал эми Украинан куралдуу күчтөрүнүн 28-сентябрга карата маалыматы боюнча, алардын саны набыт болгондорун кошуп 58 миңден ашкан.

Орусия болсо алда канча аз санды айтууда. 21-сентябрда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу орус тараптын жоготуулары болгону 5 937 киши экенин билдирген. Бирок, «Медиазона» басылмасынын жана Би-би-синин орус кызматынын журналисттери 25-сентябрда каза болгондордун саны эң аз дегенде 6 756 киши экенин аныкташкан.

21-сентябрда Орусияда Украина менен согушуп жаткан бөлүктөрдүн өздүк курамын толуктоо үчүн «жарым-жартылай мобилизация» жарыяланган. Орусиянын президенти Владимир Путиндин айтымында, аскердик кызматка запаста турган, куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөгөн орусиялыктар гана чакырылат. Бийлик жарым-жартылай мобилизацияга запаста турган 300 миңге жакын адам чакыртыларын билдирүүдө. Бирок Meduza басылмасынын маалыматына ылайык, Орусия 1,2 млн адамды мобилизация кылууну көздөйт. Анткен менен орус бийлиги бул планын четке кагып келет.

«Жарым-жартылай мобилизация» Орусиядан жарандардын жапырт чыгып баштоосуна түрткү кылган. Негизги багыттардын бири Казакстан болгон. Казак ИИМнин маалыматына ылайык, 21-сентябрга карата, өлкөгө 98 миң орус жараны кирген.

Ал эми Кыргызстанда акыркы сегиз айда 170 миңге жакын орусиялык каттоого турган. Орусияда мобилизация жарыялангандан тарта, Санарип министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 3 526 киши жашаган жери боюнча каттоого турган. Ошол эле учурда өлкөдө турак жайдын ижара акысы кескин өсүп кеткен, ал эми кээ бир мейманканаларда орундар дээрлик калбай калган.