Тажикстан кыргыз ТИМнин Рахмондун сыйланганына байланыштуу сынын чагым деп атады

Тажикстандын ТИМнин басма сөз катчысы Шохин Самади Фейсбук барагында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чыңгыз Кустабаевдин тажик президенти Эмомали Рахмон Путин тарабынан орден менен сыйлаганына байланыштуу айткан пикирине жооп берди.

Самади кыргыз кеситешинин айткандарын «жол берилгис, дипломатиялык этиканын принциптерине туура келбейт жана оңбос болуу коркунучуна кептейт» деп эсептейт.

«Жетишилген келишимдер жийиркеничтүү түрдө бузулганы ачык мисал болуп турат. Кыргыз тарап сүйлөшүүлөрдө маалымат айдыңында чагымчыл билдирүүлөргө жана бир беткей айыптоолорго жол бербөө тууралуу тажик тараптын сунуштарын бир далай жолу колдогонун белгилейм. Тажикстандын ТИМи Кыргызстандын жетекчилигинин айткандары менен иш-аракеттерине комментарий бергиси келбейт, себеп дегенде кандай гана жаңжал болбосун тынчтык жолу менен чечишип алууну көздөйт», — деди ал.

Кыргыстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чыңгыз Кустабаев 6-октябрда Фейсбук барагында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда күнөөсүз адамдар каза болуп, энелер күйүткө батып турган маалда Путин тажик президенти Эмомали Рахмонду орден менен сыйлаганы таң калыштуу болуп турат деп билдирген.

«Сыйлык күнөөлүүнү тапты. Тажикстандын президенти буга чейин апрель айындагы Кыргызстанга куралдуу агрессиясынын кийин "эки мамлекет ортосундагы достукка, өз ара түшүнүшүүгө жана кызматташууга кошкон салымы үчүн" деп сыйланганы эсибизде. Азыр эми "Мекенге сиңирген эмгеги үчүн" III даражадагы ордени "аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылганы үчүн" деп берилип жатат. Тажикстандын бийлиги Борбор Азия өлкөлөрүндөгү элдердин тынчтыгын жана ымаласын ыдыратып жатканда аймактагы кайсы коопсуздук тууралуу сөз кылууга болот», — деген ал.

Ал эми Самади кыргыз чиновниктери «чагымчыл билдирүүлөрү менен упай топтогусу келип жатат» деп болжоду.

«Тажикстанга каршы куралдуу агрессиядан кийин, анын ичинде кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында кыргыз бийлиги биздин өлкөгө каршы күчтүү маалыматтык чабуулду баштады, ал тастыкталбаган факттар жана арам жалгандар менен коштолуп, бүгүнкү күнгө чейин токтобой келет», — деп жыйынтыктады сөзүн тажик ТИМнин басма сөз катчысы.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал болгон. Атышуу болгон аймактан 140 миңден ашык тургун үйлөрүн таштап, коопсуз аймакка качкан.

Атышуунун кесепетинен кыргыз тараптан бери эле дегенде 62 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген.

Бир нече кыргыз айылында жүздөгөн турак жай талкаланган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.

20-сентябрда Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.

Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган. Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында президент Садыр Жапаровго жооп берип, «агрессия Кыргызстан тараптан болгонун» айткан.