«Сыйлык күнөөлүүнү тапты». ТИМдин өкүлү Рахмондун Путин тарабынан сыйланганы боюнча оюн айтты

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чыңгыз Кустабаев Путин тажик президенти Эмомали Рахмонду орден менен сыйлаганы боюнча пикирин айтып, «сыйлык күнөөлүүнү тапканын» билдирди.

Кустабаев кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда күнөөсүз адамдар каза болуп, энелер күйүткө батып турган маалда Рахмонго мындай сыйлыктын берилиши таң калыштуу экенин белгиледи.

«Тажикстандын президенти буга чейин апрель айындагы Кыргызстанга куралдуу агрессиясынын кийин "эки мамлекет ортосундагы достукка, өз ара түшүнүшүүгө жана кызматташууга кошкон салымы үчүн" деп сыйланганы эсибизде. Азыр эми "Мекенге сиңирген эмгеги үчүн" III даражадагы ордени "аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылганы үчүн" деп берилип жатат. Тажикстандын бийлиги Борбор Азия өлкөлөрүндөгү элдердин тынчтыгын жана ымаласын ыдыратып жатканда аймактагы кайсы коопсуздук тууралуу сөз кылууга болот», — деди ал.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев тажик президенти Эмомали Рахмондун Путин тарабынан ордени менен сыйланышы кызыктай жагдайды жаратканын билдирген.

«Албетте, эшикти тарс жаап салсак болот, бирок анда бизде чоң көйгөй жаралышы ыктымал, себеп дегенде Орусия менен товар жүгүртүүбүз чоң жана ал жакта биздин көптөгөн жарандар жашайт. Эгер эшигибизди тарс жаппай, башкача айтканда, эч бир реакция кылбай койсок, анда биз баарын сугунуп алгандай, бизге баары жакты, бизди мындан ары деле ушундайынча шылдыңдай берсе болот дегенчелик болуп калат», — деген депутат.

Бир күн мурда Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмонду «Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» III даражадагы ордени менен сыйлаганын 4-октябрда Кремлден билдиришкен.

Жарлыкта Рахмонго сыйлык «Орусия менен Тажикстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздук мамилелерди чыңдоого, ошондой эле аймактык туруктуулукту жана коопсудукту камсыз кылууга кошкон жеке салымы үчүн» берилгени айтылат.