14-октябрда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги фототузакка түшкөн жапайы жаныбарлардын сүрөттөрүн жарыялады.
Камерага ак илбирс, тоо теке, элик, карышкыр, түлкү, каман, суур, сүлөөсүн, кашкулак, суусар, бүркүт, кекилик, жарганат, арс чычкан жана башка жапайы жаныбарлар түшүп калган.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын июнь айында министрлик жана «Илбирс» уюму Чүй облусунун Жайыл, Панфилов жана Москва райондорунун тоо кыркаларына 31 фототузак орнотушкан.
«Жоголуп бараткан кенч» аталышындагы долбоор ак илбирстин популяциясына жана жеген тамагына мониторинг жүргүзүү максатында уюштурулган.
Ак илбирс
Ак илбирс — кызыл китепке кирген жаныбар. Илбирс Кытай, Монголия, Непал, Тажикстан, Афганистан, Казакстан жана Өзбекстандын аймактарын байырлайт. Айрым маалыматтар боюнча Кыргызстанда алардын саны 300-350гө жеткени айтылып жүрөт, башка булактар биздин өлкөдө 400-450 ак илбирс бар экенин айтат.
Өлкөдө ак илбирсти атып, терисин жана баш сөөгүн сатууга аракет кылгандар да жок эмес. Ал эми Кыргызстанда ак илбирсти аткандарды 1,5 миллион сом айыпка жыгуу жазасы каралган.
Илбирстердин популяциясына жеген тамагы таасир этет, алар аркар жана башка тоо жандыктарына ууга чыгышат. Аркарлардын башы азайган сайын ак илбирс башка аймакка кетет же өлөт.
Жылына мамлекет аркар атууга 70 лицензия бөлөт. Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин маалыматына караганда, аркар атууга бөлүнгөн 70 лицензиянын баары сатылат.
Парламентте сейрек кездешүүчү жаныбарларды атууга мораторий жарыялоо демилгеси бир нече жолу көтөрүлгөн. Депутаттар 2017 жана 2019-жылдары «Аңчылыкка тыюу салуу жөнүндөгү» мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган — экөөндө тең демилге колдоо тапкан эмес.
2013-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги менен Кыргызстанда алгачкы жолу ак илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк форум өткөн. Анда ак илбирс байырлаган 12 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан. Бул демилгеден кийин ак илбирсти сактоо боюнча глобалдык план иштелип чыккан.
Ак илбирсти сактоо боюнча демилгелер көтөрүлгөнүнө карабастан, эксперттер 2040-жылга чейин алардын дүйнөдөгү жалпы саны 10%га азаят деп божомолдошууда. Буга көптөгөн факторлор, анын ичинде алар байырлаган чөйрөлөрдүн кыскарышы да себеп болот.