Бишкек: Кудайберген базарында ак илбирстин териси менен баш сөөгүн алып бараткан киши кармалды

Бишкек шаарындагы Кудайберген базарында Кызыл китепке кирген ак илбирстин териси менен баш сөөгүн алып бараткан киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө учурунда 44 жаштагы шектүү илбирсти Талас облусундагы тоодон атып алганын айтып берген.

Бул боюнча «Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Бишке шаардык милициясы окуя Талас облусунда болгондуктан иштин материалдарын Талас облустук милициясына өткөрүп бергенин белгиледи.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун тургунун үйүнөн ак илбирстин териси жана баш сөөгү табылган. Кызыл китеке кирген жаныбарды өлтүрүүгө шектелип эки киши кармалып, бири толугу менен күнөөсүн мойнуна алган.

Ак илбирс Кызыл китепке 1997-жылы «жок болуу коркунучунда турган жаныбардын түрү» катары киргизилген. Ал эми өлкөдө ак илбирсти аткандарды 1,5 миллион сом штрафка жыгуу жазасы каралган.

Илбирс Кытай, Монголия, Непал, Тажикстан, Афганистан, Казакстан жана Өзбекстандын аймактарын байырлайт. Айрым маалыматтар боюнча Кыргызстанда алардын саны 300-350гө жеткени айтылып жүрөт, башка булактар биздин өлкөдө 400-450 ак илбирс бар экенин айтат.

2013-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги менен Кыргызстанда алгачкы жолу ак илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк форум өткөн. Анда ак илбирс байырлаган 12 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан. Бул демилгеден кийин ак илбирсти сактоо боюнча глобалдык план иштелип чыккан.

Ак илбирсти сактоо боюнча демилгелер көтөрүлгөнүнө карабастан, эксперттер 2040-жылга чейин алардын дүйнөдөгү жалпы саны 10%га азаят деп божомолдошууда. Буга көптөгөн факторлор, анын ичинде алар байырлаган чөйрөлөрдүн кыскарышы да себеп болот.

Тема боюнча:

Ак-Суу районунун тургунунун үйүнөн ак илбирстин териси жана баш сөөгү табылды