Укук коргоочу Рита Карасартова Фейсбук барагында түз эфир аркылуу 20-октябрда активисттер менен президент Садыр Жапаровдун Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө байланыштуу маселе боюнча өткөн жолугушуунун чоо-жайын айтып берди.
Карасартованын айтымында, жолугушууда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жыйындын катышуучуларын коркута баштаган.
«Андан кийин Ташиев айта баштады: “Биздин Кыргызстанда ушундай көп бузукулар бар. Алар маселени, картаны бир да жолу карабай туруп, бузукулук кылат деп. Ошондой бузукуларды, мен дейт, мамлекеттик жумушчу болгонум үчүн эле турам дейт. Эгер андай [жоопкерчилигим] болбосо, мен жөн эле жанчып салат элем” дегендей айтты. Анан биз баарыбыз күжүлдөп, ээй, манипуляцияң менен коркутууларыңды токтот деп зал кыйкырып чыккандан кийин өзүнө келди. Садыр Нуркожоевич “болду-болду, бир ачууңду мага бер” деди, анан ошентип жыйын башталды», — дейт укук коргоочу.
Укук коргоочу Ташиев кол алдындагыларга мурдагы элчи Азимбек Бекназаровду суу сактагычтын маселеси боюнча Өзгөнгө барып, жергиликтүүлөр менен жолугушканы үчүн суракка чакыртуу тапшырмасын бергенин айтканын дагы кошумчалады. Карасартова буга байланыштуу жакынкы убакта Бекназаровду камакка алуулары дагы мүмкүн экенин болжоду.
«Булардын [бийликтин] айтуусу боюнча бир дагы сантиметр жер бербептир. Булар бүгүнкү Кыргызстандын баатыры экен. Тиги жактагы талаштуу жерлерди чечиптир. Ал эми Кемпир-Абаддын, суунун алдындагы жер 1965-жылы эле берилип кеткен дейт да. Эми ошолордун жомогун талдасак — өзбектер ал жерди 1965-жылы эле алганын билбейт экен, анан бүгүнкү бийликке жалдырап ушул жерди берчи деп сүйлөшүп жатышыптыр да. Ошондо бүгүнкү бийликтин айтуусунда, Кемпир-Абаддагы 1965-жылы эле берилип кеткен өзбектин жерин биздин кыйын бийлик кайра 19 миң гектар жерге алмашып жатыптыр. Ошондой сонун жомокту уктук. Анан [Ташиевге] кудум ушундай суроо койдум, “сиз компенсацияны жер алмашуу менен айырмалап албасаңыз жер маселесин чечкенге барбай эле койгула” дедим», — дейт Карасартова.
Карасартова активисттер бийликтен эмне үчүн алар талаштуу участоктор маселесин талаштуу эмес, стратегиялык маанилүү Кембир-Абаддын эсебинен чечип жатканын дагы сурашканын айтып берди.
«Биз такагандан кийин, “Ооба, тээтиги талаштуу жерлердин баарын Кемпир-Абад менен чечтик деп [моюнга алышты]. Бүгүнкү күндө бул эмнени билдирет; Өзбекстан бийлиги XXI кылымда эң бай, эң кымбат, эң маанилүү ресурсту алып калалык, эртең кыргыздын бийлиги бизге бир нерсе кылса эмне кылат элек, ошол жерди алып калалы деп бүт күчүнүн баарын ошол жакка жумшашты дагы, өзүнүн ишин алдыга жылдырып кетти. Биздикилер болсо, жанагы манипуляция менен, өзүлөрүнө “жер саткын” деген атка калгысы келбейт да. Булар деген “баатыр” экен да. Ага чейинки аталарыбыздын баары “лох” экен, жерлердин баарын берип салышыптыр, 65-жылы эле, а бул эки баатырыбыз, ошол 1965-жылдагы катаны чечип, “герой” экен да», — деп ачууланды активист.
Анын айтымында, активисттер бийлик плотинанын көпчүлүк бөлүгү Кыргызстанга таандык экенин макулдашууда көрсөтпөй коюшканына да нааразы болушкан.
«Эмне үчүн келишимде силер плотинанын жарымынан көбү биздики жөнүндө бир дагы жерден айткан жоксуңар? Эмне үчүн ошол плотинанын үстүнө салынган эки заңгыраган ГЭС биздин жерге салынган? 1991-жылы ким кайсыл жерде болсо, ошол менен калсын деп ал бизге өткөн. Макул, аны деле биз тартып албай эле коёлу, жанагы, азыр айтып атат да, жерди биз берип салсак, суу алардыкы, жер алардыкы, анан биз биргелешип иштейбиз дейт да. Эмне үчүн силер ошол, биздин плотинаны, биздин жерди жанагы биргелешкен компанияга киргизип туруп, биздин үлүш катары, чогу иштетели дегенге барбай жатасыңар деп, биз тараптан баргандардын баары кадимкидей [маселе] койду. [...] Бир дагы келишимде плотина кетип атат, ГЭСтер кетип жатат деген жок», — деп белгиледи Карасартова.
Ал бийликти Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга сатып салышканын жашырбай эле моюнга алууга чакырды.
«[Ташиев менен Садыр Жапаров] алардын [өзбектердин] адвокаты болуп алгандарына караганда, бул жерде [жашыруун] бир нерсе бар да. Бүгүнкү күнү эки дос кол коюп коё турган болсо, биз бул жерди эч качан ала албайбыз. Биз аз болсок да ушул рычаг менен тең ата болуп сүйлөшө турган куралды алмаштырып жатканы абдан алысты көрө албагандыгы. Бүгүнкү эле күнүн ойлоп жатышат», — деп жыйынтыктады активист сөзүн.
Активисттер менен бийликтин Кемпир-Абад маселеси боюнча жолугушуусу 20-октябрда Өкмөт үйүндө өттү. Жолугушууну президенттин администрациясы уюштурган.
Иш-чара жабык тартипте өтүп, катышууга келгендер тизме менен киргизилди. Жолугушуу башталарга чейин эле журналисттерге аудио жана виде тартууга тыюу салынган.
Тема боюнча:
Тилекмат Күрөңов: Ташиев Кемпир-Абад боюнча жолугушууга келгендерди коркутуп кемсинтти
Түшүмдүү жердин ордуна какыраган таш. Кыргызстан Кемпир-Абаддан кол жууса эмне болот?