2-ноябрда «Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Маалыматтык негиздемеде буга «мындай уюмдарга саясий-укуктук талап көбөйүп жатканы» айтылат.
«Мунун негизинде мыйзам долбоору коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдарды түзүүдө мамлекетке контролдоо функцияларын камсыз кылган жоболорду бекитүүнү карайт: өкмөттүк эмес уюм, анын ичинде чет өлкөлүк коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдун филиалдары жана өкүлчүлүктөрү; Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш жана каттоодон баш тартуу сотко даттанылышы мүмкүн» — деп жазылат негиздемеде.
Бейөкмөт уюмдарга карата көзөмөлдү күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун алгач парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаты Бактыбек Райымкулов демилгелеген. Анда коомчулук мыйзам өлкөдөгү миңдеген коммерциялык эмес уюмдардын ишин кыйла татаалдаштырышы ыктымалдыгын айтып, мыйзам долбоорун сынга алышкан.
Бийлик алмашкандан кийин, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамга резонанс жараткан өзгөрүүлөргө президент Садыр Жапаров өткөн жылдын июнунда кол койгон. Бул өзгөртүүлөр бардык бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү тууралуу отчетторун — бухгалтердик документтерди, банк эсептерин, уюмдун мүлкүн, ошондой эле кызматкерлеринин жеке маалыматтарын ачыкка чыгарууга милдеттендирет.
Муну менен катар, кайтарымсыз негизде каражат алган коммерциялык эмес уюмдар жыл сайын 1-апрелге чейин салык органдарынын сайтына мурунку жыл үчүн каражат алган булактарын жана кайда сарпталгандыгы тууралуу маалыматты жайгаштыруусу керек.
Ошондой эле, мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, коммерциялык эмес уюмдар сатылып алынган, колдонулуп жаткан жана сатылган мүлктөрү жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Маалыматтарды жайгаштыруунун тартибин жана формасын министрлер кабинети белгилейт.
Ошол эле кезде бул пункттарга мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин коммерциялык эмес уюмдары кирбейт.