Factcheck.kg басылмасы Кыргызстан 2022-жылдын сегиз айында Орусияга товар экспорттоонун көлөмүн эки эсе көбөйткөнүн аныктады. Өлкө Орусияга негизинен батыш өлкөлөрү санкция салган товарларды экспорттогон. Алар: косметик, парфюмерия, самын каражаттары, кийим жана сумкалар.
Журналисттер Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы товар алмашууларды изилдеп чыккандан кийин ушундай бүтүмгө келишкен.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул жылдын сегиз айында (январь-август) эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуу 2 млрд долларды түзүп, 41%га өскөн, экспорттун көлөмү болсо 445 млн долларга жеткен. Ал эми былтыр бул көрсөткүч 238 млн долларды түзгөн.
2022-жылдын январынан августка чейин Кыргызстан 50 тонна атыр саткан, былтыр ушул эле аралыкта сатуунун көлөмү бир тоннага да жеткен эмес.
Кыргызстан парфюмду негизинен Кытайдан (59 тонна), Беларустан (22 тонна), Түркиядан (20,6 тонна) жана Бириккен Араб Эмираттарынан (17,5 тонна) алып келген. Ташып келинген духинин жарымы Орусияга реэкспорт кылынган.
Макияж каражаттары боюнча да көрүнүш ушундай. 2022-жылы (январь-август) Кыргызстан Орусияга 260 тонна саткан, ал эми 2021-жылы (январь-август) болгону 8 тонна сатылган болчу.
Андан тышкары, жеңил өнөр жай товарларынын экспорттолгон көлөмү да өскөн. Мисалы 2022-жылы (январь-август) байпактардан 15,7 млн даана сатылган, ал эми 2021-жылы болгону 1,1 млн даана. Кыргызстан бул продукциянын чоң көлөмүн Кытайдан (69 млн жуп) жана Кореядан (1,9 млн жуп) сатып алат.
Ошол эле учурда, сумкалардын экспорту да өскөн. Быйыл бул товар 2,1 млн даана көлөмүндө Орусияга жиберилген, былтыр болсо болгону 520 даана экспорттолгон болчу.
Кол салууга жооп кылып салынган санкциялар
Орусия дээрлик 9 айдан бери Украина менен согушуп жатат. Орус армиясы ал жакка 24-февралда Украинаны «демилитаризация» жана «денацификациялоо» максатында кол салган.
Буга жооп кылып Европа биримдигине кирген өлкөлөр жана АКШ Орусияга экономикалык санкцияларды салган. Бул Орусияны санкция астында калган алдыңкы өлкө кылды.
Жайында АКШ жана Европа Биримдиги Орусияга шаан-шөкөт буюмдарын экспорттоого тыюу салган. Ошентип, тизмеге алкоголь, сумкалар, косметика, парфюмердик буюмдар жана кийим-кече кирген.
Андан тышкары, көпчүлүк чет өлкөлүк компаниялар согуш башталгандан кийин Орусиядагы өздөрүнүн ишмердүүлүгүн токтотушуп, Орусиянын рыногунан таптакыр чыгып кетишкен. Алар ошондой эле өз продукцияларын өлкөгө жеткирүүнү да чектешкен.
Салынган санкциялардын жана компаниялардын рыноктон массалык чыгып кетүүсүнүн эффектисин төмөндөтүү үчүн орус бийлиги параллелдүү импортко жол ачкан. Бул маңызында өлкөгө оригинал товарларды укук ээсинин уруксатысыз алып кирүү болуп саналат.
«Кит» медиасынын журналисттери параллелдүү импорттун артыкчылыгына караганда кемчилиги көп экенин белгилешет. Логистика кыйын болгондуктан товар буга чейинки баасынан алда канча кымбат болот. Андан тышкары, рынокто жасалма товар көбөйүп, бардык товар кепилдиксиз болот. Ошондой эле, алар параллелдүү импорт адаттагы жана ыңгайлуу товардын жетишсиздик көйгөйүн чечпейт. Параллелдүү импортто аз гана сандагы товар жеткирүү жөнүндө гана сөз кылууга болот, анткени туруктуу жана көп өлчөмдөгү товар тууралуу ойлонуу да мүмкүн эмес.
Кыргыз бийлиги Украинадагы согуш маселесинде орток позицияны карманарын бир канча жолу билдирген.
Июлдун орто ченинде Америка Кыргызстанды санкция салынган товарларды Орусия менен Беларустун аймагына өткөрүшү мүмкүн деген транзиттик өлкөлөрдүн тизмесине киргизгени маалым болгон.
Андан тышкары, тизмеге Кыргызстандан тышкары Грузия, Армения, Кытай, Индия, Мексика, Израиль, Сербия, ТАР, Тайвань, Түркия, Бириккен Араб Эмирлиги, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан кирген.
Эми Орусия менен Беларуска аталган өлкөлөрдөн келип түшкөн товарлар санкция салынган продукциянын катарына киреби-жокпу тыкыр текшерилет.
Сентябрдын орто ченинде АКШнын Финансы министрлиги орусиялык «Мир» карталарынын оператору болгон Улуттук төлөм карталар системасынын (УТКС) иши экинчи жолу санкция астында калышы мүмкүндүгүн эскерткен. Мекемеден УТКС менен келишим түзгөн финансылык уюмдар «Орусиянын АКШ салган санкцияларды буйтап өтүү аракетин колдоо тобокелчилигине барат» деп белгилеген.
Бүгүнкү күндө кыргызстандык банктардын жарымы орусиялык «Мир» төлөм карталарын тейлөөнү токтоткон.
Эксперттердин пикиринде, кыргызстандык компаниялар же банктар санкция салынган товарларды Орусияга ташып кирүүгө же салынган санкциялардан айланып өтүүгө жардам берсе, бул Кыргызстанга экинчи жолку санкция салынышына себеп болушу мүмкүн.
Тема боюнча окуңуз:
Factcheck.kg: Кыргызстан быйыл Орусияга 10 млн сомго куралдын мээлөө дүрбүлөрүн экспорттогон