Оштун экс-мэри Мырзакматов менен ИИМдин мурдагы башчысы Турганбаев куда болду

Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов кызы Каныкейди ИИМдин экс-башчысы Мелис Турганбаевдин уулу Азаматка турмушка узатты. Бул тууралуу активист Урматбек Акунов Фейсбук барагында билдирди.

«Бүгүн Кыргызстанда чоң той, Оштун кулуну, азаматы Мелис Мырзакматов менен Нарындын генерал уулу Мелис Турганбаев агабыз кудалашып, келин алып, куда сөөк болушту. Азамат менен келинибиз Каныкей кармашкан колуңар бекем болсун!» — деп жазып кыз узатуудан тартылган сүрөттөрдү жарыялады Акунов.

Кыз узатуудан тартылган видеону тойго барган ырчы Гүлзада Рыскулова да Инстаграм барагына жарыялады.

Reporter Akipress’тин маалыматына ылайык, тойго президенттин мурдагы кеңешчиси Дүйшөнбек Ирсалиев, ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов, Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу, Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов, Боршайкомдун мүчөсү Искендер Гаипкулов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Махабат Мавлянова жана башкалар барган. Аларды соцтүйүнгө чыгарылган кадрлардан дагы көрүүгө болот.

Ал эми үлпөт тойдун өзү 19-ноябрда Бишкекте өтөрү кабарланды.

2009-жылы Мырзакматовдун дагы бир уулу — Нурлан — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Искендер Гаипкуловдун кызы Гүлмира Гаипкулова менен баш кошкон.

Мелис Мырзакматов, Мелис Турганбаев деген ким?

Мелис Мырзакматов Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышынын депутаты, ал эми 2009-2013-жылы Оштун мэри болгон.

Ага 2014-жылы Мырзакматовго карата кылмыш иши козголуп, ага Оштогу эстакадалык көпүрөнү салууда «кызматтык абалынан аша чапкан» деген айып тагылган. Андан кийин Мырзакматов чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болгон, ал эми 2015-жылы сот аны сыртынан 7 жылга эркинен ажыраткан.

Ал эми 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандыктар учурунда Мырзакматов Ош шаарына кайтып келген. Аны калаанын борбордук аянтында миңдеген тарапташтары күтүп алган. Кийинчерээк Мырзакматов журналисттерге маек куруп, «түштүк региондорунда тынчтыкты орнотууга көмөк көрсөтүү» үчүн келгенин айткан.

Кийин Жогорку сот анын иши боюнча чыккан токтомдорду жокко чыгарып, иши кайра тергелээрин айткан.

Мелис Турганбаев 2014-2016-жылдары ички иштер министри болгон. 2015-жылдын күзүндө ТИЗОдон качкандарды кармоо операциясын жетектеген.

2016-жылы жайында «Клооп» Турганбаевдин Болгариядагы бизнесин тапкан. Турганбаев ал жакта бизнести ички иштер министринин биринчи орун басары болуп турган кезде каттаткан. Ал эми Турганбаев «Клооптун» кабарчысына курган маегинде «Болгарияда бизнеси жоктугун» билдирген.

2019-жылдын февралында Турганбаев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы болуп дайындалган. Бул кызматтан 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында, «Замандаш» партиясы менен шайлоого аттануу үчүн кеткен. Бирок партия парламентке өтпөй калган.