ИИМдин экс-башчысы Мелис Турганбаев ЖАМКтын жетекчилигине келди

Мелис Турганбаев

Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагалыгына дайындалды. 2016-жылы «Клооп» Турганбаевдин Болгариядагы бизнесин тапкан — бул Кыргызстандын мыйзамдарын бузуу болушу мүмкүн.

Турганбаевдин бул кызмат ордуна дайындалышын өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу «Клооптун» журналистине тастыктап берди. 24.kg агенттиги маалымдагандай, 8-февралда Турганбаевди ЖАМКтын өздүк курамы менен тааныштырышты.

Мелис Турганбаев Ички иштер министрлигин 2014-2016-жылдары жетектеген. 2015-жылы күз айларында ал тергөө изолятордон качып чыккандарды кармоо боюнча операцияны башкарган. Ал эми буга чейин эки жыл мурда жол кыймылынын эрежесин бузуп, артынан патрулдук милицияны куудурган бишкектик Назик Чодронованын ызы-чуусунда Турганбаевдин аты аталган.

Чодронованын жол кыймыл эрежесин бузгандыгы видеого тартылып, ал милиционерледи «Мелис байкеге чалам» деп коркуткан.

2016-жылы жайында «Клооп» Турганаевдин Болгариядагы бизнесин тапкан. Турганбаев ал жакта бизнести ички иштер министринин биринчи орун басары болуп турган кезде каттаткан. Ал эми Турганбаев «Клооптун» кабарчысына курган маегинде «Болгарияда бизнеси жоктугун» билдирген.