«Адилет» укуктук клиникасы банк купуялуулугу принцибин жокко чыгарган салык тармагындагы жаңы түзөтүүлөрдү сынга алды. Юристтердин маалыматына ылайык, документ Конституцияга, мыйзамдарга жана эл аралык келишимгерге каршы келет. Бул кыргызстандыктардын жеке маалыматтарын коргоо укуктарынын бузулушуна алып келиши «толук» мүмкүн.
Юристтердин анализинде банктардан «эч кандай негизсиз эле, кардарлардын жеке маалыматын ачыктоо» талап кылынып жатканы белгиленип, бул «өзгөчө тынчсызданууну» жаратып, Конституциянын нормаларына каршы келери кошумчаланган.
Юристтер азыркы мыйзамдар ансыз деле текшерүү органдарына сурам жөнөтүү же сот актынын негизинде банктын кардарлары тууралуу маалыматты алууга укук берет деп баса белгилешет.
«Ошол эле учурда, мыйзам долбоорунда сунушталган Салык кодексинин 146-беренесинин жаңы редакциясы, банктар кардардын финансылык абалы тууралуу маалыматты дайыма, реалдуу убакыт режиминде берип туруусу белгиленет», — деп айтылат «Адилеттин» тыянагында.
Ошондой эле, анализде кардардын финансылык абалы тууралуу маалымат «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү» жана «Банктар жана банк ишмердүүлүгү тууралуу» мыйзамга ылайык, банктык сыр болуп саналаарын жана ал сот актысы жок үчүнчү жактарга берилбеши керектиги айтылат.
Ошондой эле, юристтер сунушталып жаткан түзөтүүлөр эл аралык стандарттарга каршы келерин белгилешет. Ошентип, 1966-жылдагы жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү Эл аралык Пактыга ылайык, өзүнүн жеке жана үй-бүлөсүнүн жашоосуна өзүм билемдик менен же мыйзамсыз кийлигишүүсүнө, анын турак жайынын кол тийбестигине же кат алышуусунун купуялуулугуна ээнбаш же мыйзамыз кол салууга же анын ар нарысына жана беделине эч ким шек келтире албайт.
Мындан тышкары, «Адилет» укуктук клиникасы мыйзам долбоорунун маалымкат негиздемесинде Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негизи көрсөтүлбөгөнүн, ошондой эле, документтин өзү талаптарга шайкеш келбей турганын көрсөтүшкөн.
«Биздин көз карашыбызда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146-беренесинин жаңы редакциясынын кабыл алынышы жарандар тараптан банк системасындагы ишенимге тескери таасир этет, бул жалпы өлкөнүн инвестициялык абалына терс таасирин тийгизет», — дешет юристтер, сөзүн жыйынтыктап жатып.
Банк купуялуулугун жокко чыгаруу
Салык кодексиндеги Банк купуялуулугун жокко чыгарган түзөтүүлөрдүн автору — минкаб. Ага ылайык, Салык кызматы банктардан тиешелүү сот актысы жок эле, кыргызстандыктардын бардык операциялары тууралуу маалымат ала алат.
Буга чейин бул демилгеге «Кыргызстадын банктар союзу» каршы чыккан. Алар өз билдирүүсүндө мыйзам долбоору элдин банк тармагына болгон ишенимин кетириши мүмкүн экенин айтышкан. Алар келечекте бул депозиттердин массалык кетүүсүнө, накталай эмес төлөмдөрдүн азайышына, экономикалык өсүүлөрдүн жайлашына жана көмүскө жүгүртүүлөрдүн өсүшүнө алып келет деген ойлорун айтышкан.
Ушуга эле окшош түзөтүүлөр жөнүндө 2021-жылдын орто ченинде да айтылган. Ошондо эле, Салык кызматы соттун чечимисиз эле эсептер жөнүндөгү маалыматтарды алууну каалап жатканы кабарланган. Мыйзам долбоорун юристтер, эксперттер жана бизнес коомчулук сынга алып, жаңы долбоордо көптөгөн карама-каршылыктар, коррупцияга ыңгайлуу чөйрө, ал тургай колдонуудагы Баш мыйзамга каршы келген жагдайлар бар экенин айтышкан.
Бийлик буга чейин «коррупцияга каршы күрөш» үчүн деп банктык купуяны ачууга аракет кылган. 2018-жылы Өкмөткө караштуу Финансылык чалгындоо боюнча мамлекеттик кызматы коммерциялык банктардын жумушчуларын алардын кардарлары тууралуу маалыматты тизмектеп берүүнү суранган. Ал үчүн банк кызматкерлери атайын форманы толтуруп бериши керек болот: кардарлардын аты-жөнүн, идентификациялык номерлерин, алардын уячалары менен эсептеринин номерлерин, андан тышкары, эсептердин ачылган күнүн. Кийинчерээк Финансылык чалгындоо өз талаптарын «шашылыш» деп артка чакыртып алган.