Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин айлык акысын мекеменин ички инструкциянын негизинде жашыруун кылып коюшкан. Муну никени жокко чыгаруу иши каралып жаткан сотто юрист Нурбек Токтакунов аныктап чыкты.
Кызматкерлердин маянасы жашыруун болгондуктан сот УКМКнын кызматкеринин балдарына бөлүнүүчү алиментин эсептей албай, мекеменин өзүнө кайрылууга аргасыз болгон. Бул өздөрү төлөөчү алиментти чекисттер өздөрү аныктайт дегенди билдирет.
Токтакуновдун айтымында, ал никени жокко чыгаруу боюнча сот процессине байкоо жүргүзгөн — анда жоопкер УКМКнын кызматкери болгон.
Юрист алименттин суммасын аныктоо үчүн судья жоопкердин айлык акысын билиши керек болгонун, бирок жоопкер УКМКдан «бул маалымат мамлекеттик сыр экени тууралуу» маалымкат алып келгенин белгиледи.
Токтакунов «Клоопко» билдиргендей, жыйынтыгында судья чекисттен пайыз түрүндө алимент өндүрүү чечимин чыгарды. Башкача айтканда, УКМКнын эсепчиси кызматкердин айлыгынын сот суммасын билбей туруп бөлгөн пайызын алиментке которот.
Юристтин айтымында, бир балага айлыктын төрттөн бир бөлүгү, эки балага — үчтөн бири, ал эми үч бала болсо — айлыктын жарымы төлөтүп алынат. Тактап айтканда [муну ишке ашыруу үчүн] судья атайын кызматтын кызматкеринин айлыгын [билиши керек] билген жок.
Соттун чечимине ылайык, УКМКнын кызматкери үч баласына алимент катары айлыгынын жарымын, ал эми аялына айына 5 миң сомдон берип турат.
«Аялын камсыздоо үчүн сумманы аныктап жатканада судья [жоопкердин] айлыгынын өлчөмүн билиши керек болчу, анткени аялына бөлүнүүчү каражат пайыз түрүндө эмес, белгилүү суммада аныкталат. Жыйынтыгында судья маянанын көлөмүн билбей туруп 5 миң сом өндүрүүнү [чечти]», — деди юрист.
Тактап айтканда, бул сумма жок жерден эле алынды.
Ошол эле учурда, Токтакунов атайын кызмат «иш жүзүндө» жашырууга мүмкүн болбогон нерсени жашырууга аракет кылып жатканын, себеби чекисттин айлыгы жок эле дегенде анын үй-бүлөсү жана жакындары үчүн сыр эместигин жазды.
«[Маалымат] баары бир тарайт. Аны маанисиз жана максатсыз жашыруу саясаты мекемеге ашыкча көйгөй жана чалкечтик жаратып — бул чындап жашыруун маалыматтардын тарап кетишине шарт түзүшү мүмкүн», — деп жазды юрист.
Ошондой эле, Токтакунов кызматкерлердин айлыгы жөнүндө маалымат «УКМКнын ички инструкциясы» менен жашыруун кылынганын айтты.
«Мыйзам таралуусу улуттук коопсуздукка коркунуч келтириши мүмкүн болгон гана маалыматты жашырууга жол берет. Айлык акы тууралуу маалымат улуттук коопсуздукка эч кандай коркунуч келтирбейт», — деди ал.
Ал эми УКМКнын басма сөз кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.
«Клооптун» өздүк маалыматтарына ылайык, УКМКнын орточо жетекчилик курамы бардык кошумча төлөмдөрдү кошкондо айына 70-80 миңдин тегерегинде акы алышы мүмкүн.
2021-жылдын ноябрында эле журналисттерге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айлык акысы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышкан. Буга бул «билүүгө жана таратууга болбой турган грифтеги [маалымат]» экени себеп болгонун айтышкан. Анда журналисттер Ташиев атайын кызматтын башчысы жана минкабдын төрагасынын орун басарлыгы үчүн эки эсе оклад алабы деп кызыгышкан.
Ошондой эле 2011-жылы УКМК Финансы министрлигин атайын кызматтын кызматкерлери казынадан канча айлык алышары тууралуу маалыматты ачыкка чыгарганы үчүн сотко берген. УКМК бул маалымат «Мамлекеттик сырды түзгөн эң негизги жагдайлар» тизмесин бузат жана «Коомчулукка таратууга жатпаган» маалымат деп эсептешкен. Кийинчерээк чекисттер «коомдук пикирди эске алуу менен» сотко берилген арызды артка алып, бирок Финансы министрлигинен бул кемчиликти жоюуну талап кылышкан.
Мамлекеттик сырдын тизмесине ылайык, «капиталдык салымдарды каржылоонун чыныгы жана пландалган көлөмү жөнүндө», чыгымдар, ошондой эле мамлекеттик комитетке бөлүнгөн каражаттар тууралуу маалыматтар «өтө жашыруун» грифиндеги маалыматтарга кирет. Ошол эле учурда, мамлекеттик сырлардын тизмеси өзү сыр катылып, 2015-жылдын июнуна чейин коомчулукка жеткиликсиз болгон.
Бирок, мыйзамдарда УКМКнын кызматкерлеринин айлык акылары тууралуу маалымат жашыруун маалыматка кирет деп айылган эмес.
Изилдөөчү Анна Зубенко Кыргызстандагы ИИМдин жана атайын кызматтын мындай жашыруундугу каражатты максатсыз пайдалануу, уурдоо жана башка коррупциялык аракеттер тобокелчилигин жашырышы мүмкүн экенин жазган. Зубенконун айтымында, бул тобокелчиликтер бир гана бюджеттик каражаттарга эмес, гранттык жардамдарга да тиешелүү.
«Бул практика коомдук маанилүү маалыматты жарандардан жашыруу жолу менен коопсуздукту сактаган советтик системадан калган калдык болуп эсептелет. Азыр мындай жашыруундук деңгээли ИИМде коррупциялык системалардын гүлдөп-өнүгүшүнө шарт түзөт, бирок Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына эч кандай таасир эте албайт», — деп жазган изилдөөчү.