❗️Активист Төрөкулова менен акын Ишенбековго ырайым берилди

9-апрелде президент Садыр Жапаров соттолгон 41 кишиге, анын ичинде активист Зарина Төрөкулова менен акын Азамат Ишенбековго ырайым берди. Маалыматты «Клоопко» Президенттик администрациядан ырасташты.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынан ырайым берилген жарандар бүгүн бошотуларын билдиришти.

Активист Зарина Төрөкулова «жапырт башаламандыктарга жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырык жасоо» айыбы менен 2023-жылы сентябрда кармалган. Былтыр декабрда ал Facebook'та жазуучу Олжобай Шакирдин постун бөлүшкөнү үчүн беш жылга соттолгон. Мамлекеттик айыптоонун маалыматына ылайык, Төрөкулова «Умай Аруу» аттуу аккаунттан эки пост менен бөлүшкөн. Алардын биринде тууну алмаштырууга каршы «онлайн-митингге» чакырык жазылса, экинчисинде Жапаров «мафия» деп аталган.

Акын Азамат Ишенбеков Temirov Live жана «Айт Айт Десе» долбоорлорундагы азыркы жана мурдагы 10 кесиптеши менен бирге 2024-жылы январда кармалган. Былтыр октябрда райондук сот Ишенбековду беш жылга эркинен ажыратып, январда Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган. Акын «жапырт башаламандыктарга чакырык жасоого» күнөөлүү деп табылган.

Төрөкулова менен Ишенбеков — бийликти сындаганы үчүн эркиндигинен ажыратылган жалгыз кыргызстандыктар эмес. Жапаров бийликке келген төрт жылдын ичинде аны сындаган билдирүүлөрү же соцтүйүндөрдөгү посттору үчүн 100дөн ашык киши кармалып, камакка алынып, эркиндигинен ажыратылды.