Таштанды талаасы үчүн бөлүнгөн 22 миллион евронун чоо-жайын Коопсуздук кеңеши иликтей турган болду

Бишкектеги таштанды талаасын иреттөөгө бөлүнгөн 22 миллион евронун чоо-жайын Коопсуздук кеңеши иликтей турган болду. Мындай сунушту депутат Мирлан Самыйкожо Жогорку Кеңештин 21-декабрдагы жыйынында берип, калган депутаттар аны колдоду.

Самыйкожо таштанды талаасына бөлүнгөн каражаттын чоо-жайын иликтеген убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу менен тааныштырды. Анын айтымында, долбоор азыркыга чейин ишке ашпай, каражат жок болуп кеткен.

«[Бүгүнкү күнгө чейин] беш кылмыш иши козголуп, экөө сотко жөнөтүлгөн. Эки иштин [документтери] издөөдө, бирөөсү азыр иликтенип жатат. [...] Таштанды талаасынын жалпы аянты 45 гектардан 30 гектар жерге чоңоюп, жалпы 75 гектар жер таштанды талаасына айланып калган», — деди ал.

Самыйкожо 270 чарчы метрлик кеңсе курууга 10 миллион сом коротулуп, 387 миң еврого бир тактор сатылып алынганын белгиледи. Анын айтымында, трактор үч жылдан бери иштебей турат, аны оңдоого 30 миң евро талап кылынууда.

Ошондой эле эл өкүлү бир суткада таштанды талаасына 300гө чукул унаа таштанды төгүп жатканын кошумчалады.

«Ошол 300дөй унаа кайра Бишкектин булуң-бурчуна, ар бирибиздин эшигибиздин алдына барып жатат. Алардын дөңгөлөгүнө жабышкан нерсенин баары шаардын ичине тарайт. [...] Ушунча жылдан бери иш аягына чыкпай жатса, ИИМ, прокуратура, Эсеп палатасынын алы жетпей жатса, анда улуттун коопсуздугу, эртеңки келечегибиз, саламаттыгыбыз үчүн муну Коопсуздук кеңеши өзү көзөмөлдөп, карасын деген жыйынтыкка келдик», — деп сунуш берди эл өкүлү.

Ал эми калган депутаттар убактылуу комиссиянын корутундусун угуп, Самыйкожонун сушуну жазылган токтомду колдоп беришти.

Борбор калаанын таштанды көйгөйү

Бишкектеги таштанды талаасы

2013-жылы Кыргыз өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда «Бишкек шаарындагы катуу калдыктарды башкаруу системасын жакшыртуу» долбоорун каржылоо боюнча насыялык макулдашууга кол коюлган.

Анда таштандыларды кайра иштетүүчү жана иргөөчү заводдун курулушу каралган. Долбоордун алкагында капиталга 22 миллион евро бөлүнгөн, анын жарымы өлкө пайыз менен төлөй турган насыя.

Аны менен катар жаңы таштанды талааны куруу жана эскисин рекультивациялоо боюнча долбоорду ишке ашыруу кечеңдегенине байланыштуу кыргыз бийлиги пайдаланылбаган каражат үчүн 14 миллион сом өлчөмүндө айып төлөйт.

Быйыл 10-октябрда Бишкек шаарындагы таштанды полигонуна жакын аймакта жашаган 70ке чукул тургун митингге чыгып, таштанды өрттөөнү токтотууну жана таштанды талаасын адамдар жашаган аймактан алыс жылдырууну талап кылышкан.

Акцияга чыккандар менен Бишкектин вице-мэри Нурлан Орунтаев жолугуп, «полигондогу таштандыны өрттөөнү токтотууга аракет кылабыз» деп убадалаган. Андан тышкары, «бир жылдын ичинде таштандыны кайра иштетүүчү завод курулуп бүтүшү керектигин» билдирген.

Ал эми 15-декабрда Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу 2023-жылдын биринчи кварталында башталарын айткан.

Бирок бул анын заводдун курулушу тууралуу айткан биринчи убадасы эмес. Ал буга чейин, 2022-жылы сентябрь айынын аягына чейин шаардык муниципалитет «заводду куруп баштаарын, ал 1,5-2 жылдын ичинде бүтөрүн» билдирген.

Аткаминерлер таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу тууралуу көп жылдардан бери айтып келишет. Бирок маселе алдыга жыла элек жана анын кайсыл жерге курууну көздөп жатышканы азырынча белгисиз. Мэрия бул суроого жооп берүүдөн баш тартууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкектин мэри таштандыны кайра иштетүүчү завод 2023-жылы курулат деп убадалады

«Жылы бою түтүн каптап турат». Бишкекте таштанды полигонуна каршы митинг өттү