Oasis Kyrgyzstan коомдук фондунун жетекчиси Мээрим Осмоналиева 14 жаштагы кыз вебкам-бизнесине тартылганын, ал эми милиция жабырлануучулардын арызына реакция кылбаганын билдирди. Башкы прокуратура бул ишти териштире баштады.
Эмне болгон?
22-декабрда Oasis Kyrgyzstan коомдук фондунун башчысы Мээрим Осмоналиева 14 жаштагы кызды алдоо жолу менен вебкам-бизнеске жана секс-индустрияга тартышканын кабарлаган.
Анда ал жабырлануучунун апасы жардам сурап кайрылганын айткан.
«Апасынын айтымында, кызга мажбурлап героин жана башка баңгизат сайып, чет өлкөлүк эркектерге салып берип жүрүшкөн. Кызды дээрлик жарым жылга жакын чоң эле эркектер зордуктап, колдон-колго өткөрүп келишкен. Бул аралыкта кызга жыныстык жол менен жугуучу ооруларды жуктуруп, тишин түшүрүп, ар кандай сауна, батир жана особняктарда мажбурлап кармап келишкен», — деп айткан Осмоналиева.
Мындан тышкары, ал «эркек кишилер кыз менен видеого тартылып, эл аралык порносайттарга сатып келишкенин» айткан.
Укук коргоочунун айтымында, кыздын апасы 2022-жылдын июнунда Биринчи май РИИБге, ал эми сентябрда — Октябрь РИИБге кайрылган. Жабырлануучу кыз тергөөдө аталган ишке катыштыгы барлардын атын атап, салондордун даректерин, видео жазууларды жана далилдерди көрсөтүп берген.
Бирок соттук-медициналык экспертиза кыздын апасына анын «дайыма зордукталып жүргөнү» боюнча бүтүмдү берген эмес. Бул тууралуу ал диагнозду берген жеке клиникалар аркылуу билген.
«Бүгүнкү күнгө чейин тергөөчү кыздын апасынын телефон чалуусуна реакция да кылбай, жооп да бербей, эч кандай чара көрбөй келе жатат. Ошол эле маалда кыз менен апасына тынымсыз коркутуулар болуп жатат. Жабырлануучу аталган кылмышкерлер башка дагы жаш кыздарды кармап жатышканы тууралуу да көрсөтмө берген. Бардык далилдер болсо дагы милиция билип туруп, бирок жарым жылдан бери реакция кылбай келет», — деп билдирди Осмоналиева.
Коомдук фонддун жетекчиси «азыркыга чейин жашы жете элек кыздарды тартуу менен аларды чет өлкөлүк кардарларга 100-200 миң сомго сатып келишкенин» баса белгиледи.
Осмоналиев азыркы тапта кыз жыныстык жол менен жугуучу оорулар жана баңгизатка берилүү менен жабыркап келгенин белгилейт.
«Тергөөчүлөр социалдык кызматкер, адвокаттын, мыйзамдуу өкүлдөрдүн, психологдун катышуусуз эле суракка алышкан. Эмне үчүн эмдигиче уланып жатат? Качан биз балдар тарапта болобуз? Эмне үчүн притондор менен вебкам студиялардын ээлери тергөөчүлөрдү сатып алып жатышат? Эмне кайра эле адилеттүүлүктү талап кылып аянтка чыгыш керекпи?» — деп нааразы болду Осмоналиева.
Милицияден бул факты боюнча «жашы жете электерди зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголгонун «Клоопко» кабарлады.
«Азыркы тапта бардык тийиштүү тергөө-ыкчам иш чаралары жүргүзүлүп жатат. Иликтөө уланып жатат. Жыйынтыгы боюнча кийинчерээк кошумча кабарлайбыз», — деп билдиришти ведомстводон.
Азыр иш эмне болду?
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидинов 22-декабрда «Клоопко» көзөмөл органы иштин материалдары менен таанышып бүткөндөн кийин тийиштүү баасын берет деп билдирди.
Мээрим Осмоналиева Фейсбук барагы аркылуу ыкчам реакция кылганы үчүн Камолидиновго ыраазычылык билдирди. Ал кыздын ишин ички иштер министри Улан Ниязбековдун жеке көзөмөлүнө алганын айтты.
«Канткен менен иш Биринчи май РИИБге катталган жана кийин жабылып калган. Биз арыз жаздык. Эми иш кайра ачылды жана юристтер менен адистер иштеп жатышат. Кыз өз жанын кыйууга аракет кылганы өтө өкүнүчтүү жана бул тууралуу укук коргоо органдары да билишет. Апасы кызы жоголгону боюнча бир канча жолу арыз жазган. Эми адилеттүүлүк өкүм сүрөт деп ишенем», — деп жазды ал.
Балдарга карата зомбулук
ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. Аталган 400 фактынын 55 учуру — бул сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.
Муну менен кошо балдарга карата зомбулук фактылары жыл сайын өсүп жатат. Июлдун аягында Ички иштер министри Улан Ниязбеков жашы жете электерге карата кылмыштардын өсүшү тууралуу билдирүү жасаган.
Көбүнесе иш сотко жетпей калат, анткени көпчүлүк учурда балдарга карата зордук-зомбулук туугандар тарабынан жасашат. Жапа чеккендердин үй-бүлөлөрү арыз жазууну чечишсе да, туугандары менен макулдашып, арыздан баш тартышат.
12-августта президент Садыр Жапаров балдарга карата зомбулук үчүн жазаны күчөтүү боюнча мыйзамга кол койгон.
Балдар жана өспүрүмдөр үчүн Бишкек шаарында балгарга жардам көрсөтүү борбору бар. Борборго +996773192099 жана +996707079597 номерлери аркылуу кайрылса болот. Жалал-Абадда дагы «Ак жол» реабилитациялык борбору иштейт, байланыш номери +996773741191.
Сиз же сиздин жакындарыңыздар зордук-зомбулукка кабылган учурда кайрыла турган кризисттик борборлордун даректери жана телефондору:
«Шанс» кризистик борбору — Бишкек ш. Чүй проспектиси 207, 509-батир, телефон: 0709710320;
«Сезим» кризистик борбору — Бишкек ш. Табышалиев көчөсү 3, телефон: 0312512640;
«Энсан — Диамонд» Коомдук Уюму — Ош ш. Ленин көчөсү 205/105, телефондор: 0772328960, 0322222965;
«Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу. Гүлчө айылы, Набережная көчөсү 1, телефондор: 0555281423, 0776281423;
«Аруулан» кризистик борбору — Ош ш. Ленин көчөсү 205, телефондор: 0776380777, 0322255608;
«Ак журок» кризистик борбору — Ош ш. Ленин көчөсү 205, телефондор: 0550231329, 0322245976;
«Мээрбан» Кризистик Борбору коомдук уюму — Ош ш. Ленин 312/23, телефон: 0773843461;
«Тендеш» Кризистик Борбору Бейөкмөт уюму — Нарын ш. Кыргыз көчөсү 31/3, телефондор: 0700257890, 0352250270, 03522295047;
«Аялзат» Коомдук фондунун астындагы «Маана» кризистик борбору — Талас ш. Тагайбаев көчөсү 274/2, телефондор: 0557484713, 0342255885;
«Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен ш. Сыдыков көчөсү 3, телефон: 0777393077;
«Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад ш. Б.Осмонов көчөсү 113, телефон: 0372255084;
«Аялзат — аялдар демилгелерин колдоо» Коомдук уюму — Каракол ш. Абдрахманов көчөсү 105-14, телефондор: 0392251091, 0553835717;
Чолпон-Ата шаарындагы «Алтынай» кризистик борбору — 0709694550;
Каракол шаарындагы «Мээрман» кризистик борбору — 0706383637;
Каракол шаарындагы «Химая» аялдарга жардам көрсөтүү жана реабилитиция борбору — 0702223535 (түз линия), 0551733390.