2022-жылы дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда дагы туруксуз, ал тургай трагедиялуу окуялар болду. Арада жеңиштер да болду — көпчүлүгү спорт тармагында. «Клооп» өтүп баратка жылдагы өлкө үчүн маанилүү болгон сүрөттөрдү чогултту. Таанышып чыгыңыз.

Сүрөт: Клооп

Кыргызстандыктар 7-январда парламент имаратынын алджына кыргыз аскерлерин Казакстанга киргизүүгө каршы нааразычылык акциясына чыгышкан.

Тынчтык митинги депутаттар ЖККУнун алкагында кыргыз аскерлерин Казакстанга жиберүү керекпи же жокпу деген маселе талкууланып жаткан парламент отуруму учурунда өткөн. Өлкөнүн көпчүлүк шаарларын каптап бараткан нааразычылыктардан улам Казакстанга ЖККУ аскерлерин киргизүүнү президент Токаев суранган. Токаев нааразычылыкка чыккандарды «террористтер» деп атаган.

Жыйынтыгында Кыргызстан бары бир коңшулаш мамлекетке тынчтык орнотуучу күчтөрүн киргизген. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кыргыз аскерий тобунда 150 аскер, сегиз ок өтпөс техника жана 11 автоунаа болот деп тапкан. Алар январдын орто ченинде гана өлкөгө кайтып келген.

Сүрөт: Азис Абакиров

Казакстандагы башаламандыктар учурунда кармалып, токмок жеген кыргызстандык джаз музыкант Викрам Рузахунов үйүнө кайтып келген учур. Сүрөттө ал жакындарынын курчоосунда, 11-январь.

Рузахунов Кыргызстанга 10-январда кеч курун кайтып келген — аны кыргыз милиционерлери алып келген. Джазмен Казакстанга нааразычылыктар күчөп турган мезгилде барып калган. Ал артка кайтууга аракет кылганда аны казак полициясы кармап алган. Полиция тараткан видеодо музыкантты калп айтууга мажбурлашкан — анда Рузахунов башаламандыктарга акча үчүн катышканын айткан.

Видеону Казакстандын мамлекеттик телеканалдары тарата баштаган — кадрлар кеңири тараганда Кыргызстандын белгилүү музыкантын мекендештери таанып, соцтармактарда талкуулай башташкан. Рузахунов социалдык түйүндөгү ызы-чуудан кийин гана бошотулган. Бошотууга УКМКнын төрагасы Ташиев да катышкан.

Сүрөт: Азиза Раимбердиева.

22-январь күнү бет капчан күч кызматкерлери иликтөөчү журналист Болот Темировду кеңсесинен алып чыгып баратышат.

Темировдун кеңсесине күч органдары күтүүсүз бастырып кирип, тинтүүгө алышкан. Андан соң журналисттин чөнтөгүнөн баңгизат табылды деп жарыялашкан. Темиров өзү дароо эле баңгизатты чөнтөгүнө салып коюшканын айткан. Кийинчерээк Темировдун кесиптештери күч кызматкерлеринин ичинен ким салып коюшу мүмкүн экенин да аныктаганга аракет кылышкан.

Темиров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандарынын бизнеси тууралуу иликтөө чыккандан кийин кармалган. Журналист «баңги зат» иши боюнча акталган, бирок, жасалма документтерди пайдаланган деген жүйө менен бары бир аны өлкөдөн чыгарып салышкан.

Сүрөт: Султан Досалиев / Президенттин басма сөз кызматы

Тоо лыжасы боюнча спортчу Максим Гордеев Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында Кыргызстандын желегин көтөрүп баратат.

Спорт чебери жана Кыргызстандын чемпиону Максим Гордеев Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан катышкан жалгыз спортчу болду. Тилекке каршы, ал биринчи эле баскычта финишке жетпей калган. Кийинчерээк ал бутун оорутуп алганын айтып, колдоо көрсөткөн мекендештерине ыраазычылык билдирген.

Сүрөт: Бектурсун Стамкулов / RFE/RL

Кыргызстанда кайрадан кызыл китепке кирген жейрендер пайда болду.

Аларды Өзбекстандын Бухара облусунан Ысык-Көлдүн Тоң районуна алып келишкен. Мурда Кыргызстанда жейрендер болчу, бирок аң уулоого тыюуу салынганына карабай, браконьерлер бул жандыктарды кырып салышкан.

Сүрөт: Орусия өкмөтүнүн басма сөз кызматы

Минкабдын жетекчиси Акылбек Жапаров Орусиянын премьер-министри Мишустин менен 24-февралда — Украинага толук масштабдуу кол салуу башталган күнү жолуккан.

Жолугушуу учурунда Жапаров бир нече талаштуу билдирүү жасаган. Мисалы, Мишустинге президенттин атынан: «Биз Орусия менен 200 жыл бирге болгонбуз, дагы 300 жыл бирге болууга даярбыз», — деп айткан. Жапаровдун сөздөрү Орусия өкмөтүнүн сайтындагы стенограммада жарыяланган. Бирок Кыргызстандын Министрлер кабинетинин сайтында мындай сөздөр жазылган эмес. Ошондой болсо да, орус тарап жарыялаган маалыматты төгүндөгон эмес.

Кийинчерээк кыргыз бийлиги эмне болуп жатканын акыры түшүнүп, орус-украин согушунда Кыргызстан бейтарап позицияны карманарын жарыялаган.

Сүрөт: Данил Усманов / Eurasianet

28-февралда Бишкектеги валюталар курсу. Орусия Украинага кол салгандан кийин рублдин куну түшүп, доллар менен евронун курсу өсө баштаган.

Бирок ызы-чуу токтоп, валюта курсу турукташа баштады — учурда сомдун долларга карата курсу жыл башындагыдай эле.

Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Kloop

Аялдардын укуктары үчүн 8-марттагы салтка айланган марш согушка каршы ураандар менен өткөн.

Митингге 500дөй активист чогулган. Марш «Россия» кинотеатрынан башталып, Ала-Тоо аянты аркылуу, Революция баатырларынын эстелигине созулган.

Сүрөт: Данил Усманов / Eurasianet

Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдында согушка каршы акцияга каршы туруу.

Орусия Украинага кол салгандан кийин орус элчилигинин алдына митингге чыккандар келе башташкан — аскердик агрессияга каршы болгондор да, аны колдогондор да. Айрым учурда, жогорудагы сүрөттөгүдөй, эки тарап тең бир эле убакытта элчиликтин алдына келип турган.

Акырында сот Орусиянын элчилигинин алдында митинг өткөрүүгө (кандай позицияда болбосун) тыюу салган — бир гана элчиликтин алдында эмес. Митингге чыгууну каалагандар үчүн, илгерки учурдагыдай, Бишкектин борбор бөлүгүнөн четтеги Горький атындагы паркты гана калтырышкан.

Сүрөт: Султан Досалиев / Президенттин басма сөз кызматы

Кыргызстандык хоккейчилер IV дивизиондо дүйнө чемпиону болушту. Чемпионат Бишкекте өттү.

Финалда Кыргызстандын курамасы кувейттик хоккеисттерди ири ажырым менен, 14:0 эсеби менен жеңип чыгып, III дивизионго жолдомо алышты. Турнирде Кыргызстан менен Кувейттин командаларынан тышкары дагы беш команда катышты, алардын арасында Сингапур, Малайзия жана Ирандын курамалары да болду.

Чемпионатты өткөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 2 млн сом жумшалган. Калган чыгымды Эл аралык хоккей федерациясы жапкан. Бишкектеги чемпионат 2020-жылы эле өтүшү керек болчу, бирок коронавирус пандемиясынан улам өтпөй калган.

Сүрөт: RFE / RL

Украинадагы согушта орус армиясынын катарында кызмат өтөп жүрүп каза тапкан, Кыргызстанда төрөлгөн орус жараны Эгемберди Дорбоевди жерге берүү зыйнаты.

Дорбоевдин сөөгү өзү туулган Ысык-Көл облусундагы Кара-Ой айылында жерге берилген. Ал Кыргызстандан кетип Орусиянын Норильск шаарына барган, ал жактан 2021-жылы аскерге чакыруу келген. Кийинчерээк башка орус аскерлери менен чогу аскердик келишимдин негизинде Украинадагы согушка аттанган.

Дорбоев — Украинадагы согушта орус аскерлери тарапта согушуп каза болгон жалгыз кыргызстандык эмес. Алардын саны эң аз дегенде 10 киши. Орусиянын күч түзүмдөрү согушта жеңип чыгуу үчүн жетишсиз экени маалым болгондон кийин, ал жакта мобилизация гана жарыяланбастан, чет өлкөлөрдүн жарандарын да согушка активдүү тарта башташкан.

Сүрөт: Султан Досалиев / Президенттин басма сөз кызматы

Бишкекте сүрдүрүлгөн «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна президенттин администрациясы үчүн жаңы имарат курулуп жатат.


15-апрелде Садыр Жапаров өзүнүн аянты 21 миң чарчы метрди түзгөн жаңы кеңсесинин имаратынын курулушуна капсула салган. Долбоордун так баасы анык эмес, бирок бийлик жаңы имаратка мамлекеттик бюджеттен акча коротулбай турганын, Президенттин иш башкармалыгынын балансындагы жерди «алмашуу» жолу менен куруларын белгилешкен.

Сүрөт: Бириккен күрөш дүйнөсү

Балбан Жоламан Шаршенбеков Монголияда өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында жеңишкен жеткенден кийин сальто ашып жатат.

20-апрелде Шаршенбеков спорттук карьерасында биринчи жолу Азия чемпионатында алтын медаль уткан. Жаш спортчунун жеңиштери ушуну менен токтогон жок. Сентябрда ал (кесиптеши Акжол Махмудов сыяктуу эле) грек-рим күрөшү боюнча Сербияда өткөн мелдеште дүйнө чемпиону болду.

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) эки кыргыз балбанын 2022-жылдын «тарых жаратуучулары» деп атады.

Сүрөт: Султан Досалиев / Президенттин басма сөз кызматы

Курулуш башталардын астында президент Садыр Жапаров Кыргызстан жаңы ГЭСти Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте курарын айткан. Ошондой эле ал «Камбар-Ата-1» жакынкы үч-беш жылда ишке кирет деп убадалаган. Кыргыз бийлиги аталган станцияны курууга 10 жыл аракет кылган. Бул иш Жапаровдун кабинетинин колунан келеби көрө жатарбыз.

Келечектеги ири каскад — «Камбар-Ата-1» ГЭСнин көпкө күттүргөн курулушу июнь айында башталды. Долбоор боюнча ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метр болот, ал эми станция өзү Токтогул ГЭСтин эки эсе кубаттуу болмокчу.

Курулуш башталардын астында президент Садыр Жапаров Кыргызстан жаңы ГЭСти Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте курарын айткан. Ошондой эле ал «Камбар-Ата-1» жакынкы үч-беш жылда ишке кирет деп убадалаган. Кыргыз бийлиги аталган станцияны курууга 10 жыл аракет кылган. Бул иш Жапаровдун кабинетинин колунан келеби көрө жатарбыз.

Сүрөт: «Клооп»

Кыргыз ишкерлери 13-июнда Өкмөт үйүнүн алдында милдеттүү түрдө көзөмөл кассалык машинаны (ККМ) киргизүүгө каршы нааразычылык акциясын өткөрүп жатышат.

Кыргызстанда мындай митингдер жылдын бүткүл биринчи жарымында болуп жатты. Анын себеби — 2022-жылдын 1-январында күчүнө кирген Жаңы салык кодекси. Ага ылайык, бардык чакан ишкерлер ККМ колдонууга милдеттендирилди — анткен менен жылдык кирешеси 8 млн сомдон ашпагандар президенттин жарлыгы менен салыктан бошотулган.

ККМдин ордуна ишкерлер мобилдик тиркемени колдонушса болот, бирок сатуучулар анын иши үзгүлтүккө учураганын айтып бир нече ирет арызданышкан. ККМдин жардамы менен бийлик көмүскө товар алмашууну жоюуну каалап жатат.

Сүрөт: Султан Досалиев / Президенттин басма сөз кызматы

Өлкө президенти кыргыз футболунун ардагерлернин курамында чыгып, футбол ойноду.

30-августта өткөн КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлеринин курамаларынын беттешинде командалар 3:3 эсеби менен тең чыгышкан. А негизи эле Жапаров өзүнүн футболгон болгон сүйүүсүн бир нече жолу көрсөткөн — ал бир нече турнирге катышкан (албетте көп гол киргизген), ал эми декабрда болсо Катарда өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпионатына бизнес-жет менен учуп барган.

Сүрөт: Султан Досалиев / Президенттин басма сөз кызматы

Жапаров өзүнүн жакын досуна «Кыргыз Эл баатыры» наамын ыйгарды. Президенттин жарлыгына ылайык, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге бул наам «Кыргызстандын элинин жана мамлекетин алдындагы өзгөчө салымы» үчүн ыйгарылган.

Бул наам — өлкөдөгү эң мыктыларга ыйгарылуучу эң жогорку наам, аны өлкө тарыхында болгону 28 киши алган. Алардын катарында Чыңгыз Айтматов, Сабира Күмүшалиева, Жусуп Абдрахманов, Исхак Разаков жана учурда абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бар.

Сүрөт: «Клооп»

Өспүрүм бала Баткен облусунда Тажикстан менен куралдуу кагылышуу болгон аймактан чыгып бараткан качкындардын унааларынын кербенине көз салып турат.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кезектеги жаңжал 14-сентябрда башталып, бир нече күнгө созулган. Бул жолкусунда жаңжал мурдагыга салыштырмалуу курч өткөн, себеби эки өлкөнүн тарыхында биринчи жолу жапырт ок чыгаруучу ракеталар системасы сыяктуу аскерий техника колдонулган.

Ал күндөрү чек арага жакын жайгашкан кыргыз айылдарынан 130 миңден ашуун тургун үйүн таштап, коопсуз жерлерге кетүүгө аргасыз болгон.

Сүрөт: Жоомарт Дуулатов / Kloop

Ыктыярчылар Бишкектин Спорт ордосунда Баткенде жабыркагандар үчүн гуманитардык жардам чогултуп жатышат.

Чек ара жаңжалы айрыкча 16-сентябрда курчуп кеткен. Ушул эле күнү калаанын Спорт ордосунда чукул аранын ичинде гумжардам топтоо башталган. Гумжардамдын биринчи бөлүгүн ошол эле күнү кечинде жөнөтүүгө мүмкүн болгон.

Сүрөт: Данил Усманов / Eurasianet

Баткендин тургуну облустагы Капчыгай айылындагы кыйраган үйүндөгү бүтүн калган айрым буюмдарды чогултуп жатат. Анын үйү чек ара жаңжалында кыйраган.

Минкабдын маалыматына ылайык, кагылыштын натыйжасында 661 үй жабыркаган, алардын 423ү жашоого жараксыз, ал эми 238и оңдоп-түзөөгө муктаж. Ошондой эле саламаттык сактоо, билим берүү жана жашоону камсыздоочу объекттер да бузулган. Тажик тарапта да кыйроолор бар.

Куралдуу кагылышта 63 кыргыз жараны курман болуп, 206 киши түрдүү жаракаттарды алган. Түрдүү маалыматтар боюнча, тажик тараптан 41ден 81ге чейин адам көз жумган.

Сүрөт: Атай Бейшенбек

Активист Атай Бейшенбектин милиция үйүн тинтип жатканда түшкөн селфи сүрөтү. Тинтүүдөн кийин Бейшенбек кармалып, ТИЗОго киргизилген.

Бейшенбек жарандык коомдун коррупцияга каршы, сөз эркиндиги үчүн жана башка көптөгөн митингдерине жигердүү катышкан. Ошондой эле октябрда бийликтин Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүү демилгесине каршы чыккан.

Андан кийин эле Кемпир-Абадды берүүгө каршы чыккан башка жыйырмадан ашык активист жана саясатчылар менен кошо «масаалык башаламандык даярдоого» айыпталып камакка алынган. Тергөө шектүүлөр массалык башаламандык даярдаганын тастыктаган бир да далил көрсөтө элек.

Сүрөт: Гүлжан Турдубаева / RFE/ RL

24-октябрда Бишкекте өткөн сөз эркиндигин чектөөгө жана «Кемпир-Абад иши» боюнча активист жана саясатчылардын камалышына каршы митинг.

Иштин фигуранттарын камалышын активисттер менен укук коргоочулар гана эмес, көпчүлүк эл өкүлдөрү жана эл аралык уюмдар да сындашкан. Кармалгандардын айрымдары саясий ачкачылык жарыялап, абалдары өтө начар, бирок Жаңы жылды ТИЗОдогу жаңы камераларда тосушат көрүнөт.

Сүрөт: Данил Усманов / Eurasianet

Бишкектеги «Кызыл чатырдан («Красная крыша»)» башпаанек тапкан орусиялык мигранттар.

2022-жылы Кыргызстан орусиялык мигранттардын агымына туш болду: февралда Украинага толук масштабдуу кол салуу башталып, сентябрда Путин «жарым-жартылай» мобилизация жарыялагандан кийин орусиялыктар массалык түрдө өлкөдөн чыга баштады.

«Кызыл чатыр («Красная крыша»)» — бул Украинага кол салууга каршы болгон орусиялыктар Бишкекте түзгөн жай. Анда урбанизм, коомдук ишмердүүлүк, кол өнөрчүлүк жана чеберчилик боюнча семинарлар өткөрүлөт, ошондой эле, имаратта орусиядан келген башка мигранттар жашай турган бөлмөлөр бар. Кимдир бирөө убактылуу калса, айрымдар узак мөөнөткө кала алышат.

Сүрөт: Мундузбек Калыков / Kloop

Иликтөөчү журналист Болот Темиров жарандык кийимчек күч кызматкерлеринин коштоосунда «Манас» аэропортундагы лифтте — Орусияга депортациялануудан би аз убакыт мурда.

Журналистти Кыргызстанда чыгарып жиберүү боючна чечимди Бишкек шаардык соту 23-ноябрда кабыл алган. [Соттун чечими угузулгандан] кийин күч кызматкерлери Темировду сот залынан күч колдонуп сүйрөп чыгып, белгисиз жакка алып жөнөшкөн. Журналистти бир нече саат бою эч кайсыл жерде табуу мүмкүн болбой, кийинчерээк [бир нече] кишинин коштоосунда аэропорттон табылган — Темировду Москвага учуучу учакка эбак отургузушкан болчу.

Темиров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары тууралуу иликтөө чыккандан кийин кармалган. Журналистте «табылган» баңги зат иши жабылган болсо да, журналистти жасалма документтерди пайдаланууга айыпташкан. Темировдун кесиптештери жана эл аралык уюмдар муну УКМКнын башчысы тууралуу иликтөө үчүн өч алуу деп эсептешет.

Сүрөт: RFE / RL

25-ноябрда Бишкекте өткөн сөз эркиндигин коргоо митинги. Ушундай эле акция Ошто да өткөн.

Митингге чыккандар бийликтен Болот Темировду Кыргызстанга кайтарууну, «Кемпир-Абад иши» боюнча кармалгандарды бошотууну жана өлкөдөгү сөз эркиндигине басым кылууну токтотууга чакырышкан. Акцияга 700дөн ашык адам катышкан.

Бишкекте митингчилер темир жол вокзалынын жанына чогулуп филармонияга чейин басууну пландашкан, бирок аларга милиция тоскоолдук кылган. Натыйжада митинг «уруксат берилген» Горький атындагы паркка жылган.