Temirov Live тинтүү учурунан кадрларды жарыялады. Темировдун чөнтөгүнө баңгизатты ким салган?

Temirov Live’дын журналисттери укук коргоо органдары кеңсени жана кызматкерлерди кантип тинтүүгө алышканы тууралуу жаңы иликтөөсүн жарыялашты.

2022-жылдын 22-январында милиция Temirov Live’дын редакциясына бастырып кирип, негиздөөчү Болот Темировду кармаган. Алар журналисттен баңгизат табылды дешкен. Ал эми журналист өзү жана тинтүүгө күбө болгон кесиптештери түйүнчөккө салынган гашишти Темировдун арткы чөнтөгүнө укук коргоо органдары салып коюшканын айтышкан.

Кармалгандан кийин Темиров наркологияга жеткирилген, заарасынан алынган анализден баңгизат табылган эмес. Эртеси күнү Темиров эч жакка кетпөө тилкаттын негизинде бошотулган.

Оперативдик тасмадан кеңседеги кармоо спецназдын бири тепкичте турганда эле ШИИББдин кызматкерлерине «кечирек кир» деген буйругу менен башталганын көрүүгө болот. Журналисттер тобунун айтымында, буйрук [Болот Темировдун] кармалышын тарта турган милиционерге берилген.

Иликтөөдө милиционерлер спецназдын аракетин тарпай калганы айтылат. Анткени ал убакта укук коргоо органынын кызматкерлери эшикти ача албагандай түр көрсөтүшүп, кеңсенин ичине журналисттер жерге жаткырылгандан кийин гана кирип барышкан.

Журналисттер милиция кызматкерлери видео тартпаган маалда спецназчы Темировдун арткы чөнтөгүнө «баңгизат сала койгон» деп божомолдошкон. Temirov Live аны шаардык милициянын оперативдик тасмага тарткан кызматкерине буйрук берген спецназчы жасаганын белгилешти.

«Эгер кимде-ким бул адамды үнүнөн же башка белгилеринен тааный алса, биз менен байланыш коюуну өтүнөбүз», — деп кайрылышкан иликтөөнүн журналисттери.

Журналисттер операцияны ШИИББдин тергөөчүсү эмес, спецназчы жана кара күрмө кийген, беткапчан дагы бир адам башкарган деп эсептешет. Анткени, алар кармоо маалында телефон аркылуу көрсөтмө алып турушкан.

«Офистин камералары бардык кыймыл-аракетти тартып турган. Бирок ШИИББдин кызматкерлери видеорегистраторду чыгарып кетишкен. Алардын эксперттери “жесткий дискти” жараксыз деп табышкан. Биз көрүп тургандай, видео жаздыруучу аппарат жарактуу иштеп жаткан», — деп айтылган иликтөөдө.

Милиционерлер Темиров «чөнтөгүндөгүлөрдү өзү чыгарсын» деп айтып, баңгизат табылган соң, андан аркы тинтүүнү Бишкек шаарынын Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Мухтар Токтогулов жетектеген. Ал дагы телефон аркылуу буйрук алып турган.

«Видеолордун бириндек ал ким менен чалышканын көрүүгө. Телефондун экранында Батур СБН С 5 (УКМКнын 5-бөлүмү) деп жазылып турганы аныкталган. Болот Темировго дал ошол УКМКнын 5-бөлүмүнүн рапортунун негизинде дагы 3 кылмыш иши козголгон», — деп билдиришти журналисттер.

Темировго козголгон кылмыш иштери

Учурда Болот Темировго карата жалпы төрт кылмыш иши козголгон: паспорт жана аскердик билетти мыйзамсыз алуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана баңги заттарын даярдоо. Кылмыш иштердин бардыгы Temirov Live’дын журналисттери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары мамлекеттик тендерлерге катышып жаткандыгы тууралуу иликтөөлөрүн жарыялагандан кийин козголгон.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка чыгарганы үчүн куугунтук катары баалаган. Адвокаттар журналистке карата козголгон кылмыш иштерин «толугу менен абсурд» деп аташкан.

Буга чейин Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) иликтөөчү журналист Болот Темировго тагылган айыптарды алууну талап кылышкан.

Уюмдагылар аталган кылмыш иштерин «саясий жүйөөлүү» жана «жогорку бийлик бутактарындагы коррупция тууралуу иликтөөлөр үчүн анык эле өч алуу» деп эсептешет.

Тема боюнча:

Temirov Live: Казыбек Ташиевдин компаниясы 4 жылда жалпы 58 млн сомдук тендер уткан

Аңдуулар жана шантаж. Журналист Болот Темировго карата чабуул кандайча уюшулган?

Кыргызстанда журналисттерге кол салышат, куугунтукташат жана соттошот. «Клооптун» дата-анализи