Кыргызстанда ОСАГО полиси киргизилди. Ал кандай иштейт экенин айтып беребиз

1-январдан тарта өлкөдөгү айдоочулар автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полисин (ОСАГО) каттата алышат. Азырынча ал жок болсо айып салынбайт, бирок 1-апрелден тарта айып салына баштайт. «Клооп» полис канча турарын, жол кырсыгы болгон учурда эмне кылуу керектигин, зыянды ким кантип эсептерин, эгер камсыздандыруунун чыгымы жетпей калса эмне кылуу керектигин айтып берет.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын (Мамфинкөзөмөл) сайтында камсыздандыруу милдеттүү экени жана аны траспорттун бардык түрүнүн ээлери каттатышы керектиги айтылат.

«Жол-транспорт каражаттарынын кесепетинен жабырлануучулардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндардын ордуларын толтуртууга болгон жабырлануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында жогоруда аты аталган мыйзам иштелип чыккан», — деп айтылат Мамфинкөзөмөлдүн сайтында.

Полисти азыртан каттатып баштаса болот. Азырынча ал ыктыярдуу деп айтса болот. Бирок 1-апрелден тартып эгер камсыздандыруу полиси жок болсо МАИ жеке жактарга 3000 сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом айып сала баштайт.

Камсыздандыруу полиси канча турат?

Мамфинкөзөмөл камсыздандыруу полисинин базалык өлчөмү — 1680 сом турарын билдирди. Бирок анын соңку баасы баары үчүн эле бирдей болбойт. Анын баасы транспорттун түрүнө (кыймылдаткычынын көлөмүнө), айдоочунун жаш курагына жана айдоо стажына, ошондой эле ал жол кырсыгына канчалык көп кабыларына жараша өзгөрүп турат.

«НСК» камсыздандыруу компаниясынан өлкөдө ОСАГО камсыздандыруу полисинин орточо баасы төмөнкүдөй экенин айтып беришти:

  • кыймылдаткычынын көлөмү 2 литрге чейин (2 литрди кошуп) жеңил унаалардын ээлери үчүн — 2000 сомго чукул;
  • кыймылдаткычынын көлөмү 2ден 3 литрге чейин (3 литрди кошуп) жеңил унаалардын ээлери үчүн — 2400 сомдун тегереги;
  • кыймылдаткычынын көлөмү 3 лирден жогору жеңил унаалардын ээлери үчүн — 3000 сомго чукул;
  • максималдык уруксат берилген салмагы 12 тоннага жетпеген оор жүк унаалары, автобус жана кичиавтобустар үчүн — 3300 сомдун тегереги;
  • максималдык уруксат берилген салмагы 12 тоннадан ашык оор жүк унаалары үчүн — 4000 сомдун тегереги;
  • троллейбустардыкы — 1600 сомго чукул;
  • мототранспорт, чиркегич, экскаватор жана бульдозерлер үчүн — жылына 900 сомдун айланасында турат.

ОСАГОнун баасы дагы эмнеден көз каранды?

«НСКдан» камсыздандыруу полисинин баасы дагы бир нече фактордон көз каранды экенин айтышты:

Айдоочунун жашы жана тажрыйбасы. Жашы 25тен жогору жана айдоо стажы үч жылдан ашык айдоочуларга полис арзан түшөт. Бирок полиске бир нечен адам каттала турган болсо, баасы айдоо стажы эң эле азына карап түзүлөт. Ал эми юридикалык жактарга эң жогорку коэффицент колдонулат, ошол эле учурда унааны башкара ала тургандардын саны боюнча чектөө коюлбайт.

Камсыздардыруу болсо. Жөнөкөй сөз менен айтканда, эгер сиз жол кырсыгына кабылбай жана камсыздандыруу компания сиздин полис боюнча жабырлануучуларга акча төлөп убара тартпаса, камсыздандыруу полиси сиз үчүн убактыттын өтүшү менен арзандай берет.

Диагностикалык карта болсо. Эгер унааңыз техкароодон өткөн болсо, камсыздандыруу полиси арзан түшөт.

Камсыздандыруунун мөөнөтү. Адатта кыска мөөнөттүү полис кымбатырак болот. Кыска убакытка камсыздандыруу Кыргызстанга унаасын убактылуу айдап киргендер үчүн ыңгайлуу.

Камсыздандыруу учуру келгенде төлөмдүн өлчөмү кандай болот?

Жол кырсыгы болгон учурда камсыздандыруучу компания:

  • жабырлануучунун өлүмү үчүн — 300 миң сом төлөп берет;
  • жабырлануучуга майыптуулуктун белгилениши үчүн төмөнкүдөй төлөнөт:
  • I топтогу — 200 миң сом;
  • II топтогу — 150 миң сом;
  • III топтогу — 100 миң сом;
  • эгер бала жол кырсыгынан кийин майып болуп калса — 200 миң сом;
  • майыптуулук белгиленбестен майып болууга, жаракатка же ден соолугунун башка бузулушуна – амбулатордук жана (же) стационардык дарыланууга иш жүзүндө жумшалган чыгымдардын өлчөмүндө, бирок 100 000 сомдон ашык эмес;
  • жабырлануучунун мүлкүнө келтирилген зыян үчүн – келтирилген зыяндын өлчөмүндө, бирок ар бир жабырлануучуга 150 000 (жүз элүү миң) сомдон ашык эмес жана бардык жабырлануучуларга 450 000 (төрт жүз элүү миң) сомдон ашык эмес.

«АЮ Гарант» камсыздандыруучу компаниясынан эгер жол кырсыгында автоунаага келтирилген зыян 150 миң сомдон өйдө болсо, калган акчаны күнөөлүү тарап өз чөнтөгүнөн төлөп каларын айтышты.

«Же болбосо камсыздандыруунун ДСАГО деп аталган ыктыярдуу түрүн сатып алып, ал боюнча 300-400 миң сом лимит алып, милдеттүү камсыздандыруу боюнча жетпей жаткан сумманы ыктыярдуу камсыздандыруу эсебинен жапсаңыз болот», — дейт «АО Гаранттын» адистери.

Компаниядагылар буга чейин кимде ДСАГО бар болгон болсо аны (ОСАГОго кошумча катары) калтырып же ал боюнча келишимди үзүп коюшса болорун белгилешти. «Бул сиздин укугуңуз. Зыянды көз карандысыз компания баалайт, аны камсыздандыруучунун өзү менен бирге тандасак болот», — деп белгилешти компаниядан.

Жол транспорт кырсыгына кабылганда эмне кылуу керек?

Жол кырсыгы катталган учурда адаттагыдай эле сөзсүз МАИ кызматкерлерин чакыртуу керек. Эгер унааңызды айып короого алып кетишсе, ОСАГО полиси сизди ал үчүн 5000 сом айып төлөө зарылдыгынан арылтат дейт НСКнын адистери. Учурда айдоочулар бул айыпты өздөрү төлөшөт.

МАИ кызматкерлери зыянды эсептешпейт – анын өлчөмүн күнөөлүү тарап жабырлануучу менен өз алдынча чечишип алса болот. Эгер чечишип алууга болбой жатса, камсыздандыруучу компаниядан жол транспорт кырсыгы боюнча комиссарды чакыртуу керек. Талаш-тартыш жаралган учурда зыян тарткан унааны техникалык тейлөө станциянын алып барса болот, ал жерден адистер тетик жана иштин акысына жараша зыянды эсептеп берет. Же болбосо унаага келтирилген зыянды эсептөө боюнча адистешкен атайын көзкарандасыз баалоочуларга кайрылса болот.

Зыянды эсептөө ыкмасы ар башка компанияларда ар кандай болушуу мүмкүн. Мисалы, НСКда аны компаниянын өзүнүн техникалык тейлөө станциясы баалайт. Анда жаңы тетиктердин баалары эсепке алынат. Бирок тетикти көпкө күтүү керек болсо, мурдагысын коюп берүүнү сунушталышы мүмкүн.

«Айдоочулар союзу» жаңы эрежени жактырды

«Айдоочулар союзу» коомдук бирикмесинин жетекчисинин орун басары Дүйшөналы Токтакунов ОСАГО милдеттүү камсыздандыруусу камсыздандыруучу компанияларга да, жарандардын өздөрүнө да пайдалуу деп эсептейт.

«Бул мыйзамдын көптөгөн позитивдүү жагы бар. Айдоочулар союзу муну 10-15 жыл мурда эле сунуштаган. Бул тууралуу көп жолу айтылган, бирок кабыл албай келишкен. Башка өлкөлөрдө камсыздандырууң жок жүрө албайсың. Машинаны эмес, айдоочунун жоопкерчилиги камсыздандырылат. Кырсыктаганда жабырлануучунун ден соолугу менен унаасын калыбына келтирип беришет. 2 000 сомдой төлөп, андан кийин, эгер кырсык болуп кетсе, ордуңузга жабыркаган машинага 150 миң сом төлөп беришкенинин эмнеси жаман?» — дейт Токтакунов.

Ооба, бул жаман эмес. Бирок 150 миң сом арзан баадагы унаа менен болгон жеңил жол кырсыгына гана жетет. Эгер сиз 2019-жылы чыккан BMW X5 унаасын каккан болсоңуз бул сумма жетиштүү болбосо керек. Жаңы чыккан унаалардын бир эле фарасы 150 миң сом турушу мүмкүн.

ОСАГОнун төлөмү жетпей калган учурда эмне кылса болот?

Камсыздандыруучулар бул сумма өтө эле аздыгын моюндашат. Ошондуктан башка унаага келтирген зыян 150 миң сомдон ашып кетсе, калган сумманы өз чөнтөктөн төлөөгө туура келерин айтышат. Ал эми эгер Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унааны кагып алган болсоңуз зыяндын суммасы 500 миң, ал түгүл 1 млн сомго да чыгып кетиши ыктымал.

Мындай чыгымдарга кабылбаш үчүн алдын ала автотранспорт каражат ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин ыктыярдуу камсыздандыруу полисин (ДСАГО) алып койсо болот. Бул жерде төлөмдүн өлчөмү полистин баасына жараша болот. Мисалга, 2500 сомго ДСАГО полисин сатып алсаңыз, төлөмү болжолдуу 350 миң сомду түзөт. Эгерде полисти 4000 сомго алган болсоңуз, анда камсыздандыруу төлөмү 500 миң сомдой болушу мүмкүн. Ал эми полисиңиз 9500 сомдук болсо, 1 млн сомдон ашык суммага келтирилген зыянды төлөм бере аласыз.

Бирок ыктыярдуу полистин бар болушу сизди милдеттүү камсыздандыруу полисин сатып алуудан бошотпойт. Башкача айтканда, ДСАГО менен кошо ОСАГОну да сатып алуу керек болот, болбосо ЖКККББ апрелден тартып ОСАГО жоктугу үчүн айып сала баштайт. Бул мамлекет менен камсыздандыруучу компаниялардын адилетсиздигиндей көрүнөт: айдоочу башка жол кыймылынын катышуучуларынын алдында жарандык жоопкерчилигин ыктыярдуу камсыздап жатканда аны дагы бир жолу камсыздандыруунун эмне кажети бар? Ошентсе да, ушундай.

Анткен менен жол транспорт кырсыгы учурунда эки полистин ээси башка унаага келтирилген зыянды дароо эки булактан,ОСАГО аркылуу да, ДСАГО полиси аркылуу да төлөй алат дешти «Клоопко» «АЮ Гарант» камсыздандыруучу компаниясынан. Бул кымбат баалуу унаа айдаган айдоочулардын алдында олуттуу чыгашадан кутулуп кетүүгө жол берет. Ал эми НСКдан эгер сизде ОСАГО боюнча төлөм жетпей калган болсо ДСАГОдон кошуп төлөсө болорун, бирок кырсык болгон учурда камсыздандыруучу компанияга алгач ОСАГО боюнча, андан кийин, эгер лимит жетпей калса ДСАГО боюнча гана кайрылууга туура келерин айтышты.

Үчүнчү жолку аракет же бийлик ОСАГОну киргизүүгө кантип далалат кылып жатат?

Учурда Кыргызстан — ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүндө жарандык-укуктук жоопкерчиликтерди милдеттүү камсыздандыруу иштей элек жалгыз мамлекет. Жол кырсыгына кабылгандар көп учурда МАИни чакырбастан жеринде чечишип алууга аракет кылышат. «Азыр жол кырсыгы болгон учурда кырсыкка ким күнөөлүү экенине карабастан тааныш-билиши көптөр гана утат», — деп билдирди эксперт Бакыт Молдожанов «Вечерний Бишкек» гезитине курган маегинде.

Өлкө бийлиги жарандык-укуктук жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандырууну киргизүү аркакетин 13 жылдан бери көрүп келет. Бул тууралуу биринчи жолу 2010-жыл айтылган, бирок коомчулуктун нааразылыгынан улам идеяны ишке ашырууга мүмкүн болбой жаткан. Андан кийин бул тема кайрадан 2015-жылы козголгон — анда парламент ОСАГО жөнүндөгү мыйзамды кабыл алган. Бирок анда дагы мыйзам күчүнө кирбей калган. 2019-жылы ОСАГОну киргизүүгө кайрадан аракеттер көрүлгөн, бирок бийлик камсыздандыруу полисинин баасын да, кенемтенун суммасын да аныктай албай койгон, ошондой эле бир да камсыздандыруучу компания бул ишмердик үчүн лицензия алган эмес.

2022-жылдын октябрында ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков 2022-жылдын сегиз айында өлкөдө 4 284 жол транспорт кырсыгы катталганын билдирген. Алардын ичинен 1 567си — автоунаалардын кагышы, бул жалпы жол кырсыктарынын 36,6 пайызын түзөт.

Авторлордун бири: Виктор Мухин.