Оштогу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн өлтүрүлүшү. Кримтөбөл «Женго» ТИЗО-1ге эки айга камалды

Сүрөт: Видеодон скриншот

Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө, ал эми анын шеригин сабоого шектелген «Женго» каймана аттуу кримтөбөл Кадырбек Досонов ТИЗО-1ге эки айга камакка алынды. Андан сырткары окуяга шектелип изделген беш киши кармалды. Бул тууралуу 16-январда Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Шектүү катары милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, тергөө кызматына жеткирилгендер:

  • Өзгөн районунун Куршаб айылынын 28 жаштагы тургуну Акылбек Раимберди уулу;
  • Ош шаарынын 28 жаштагы тургуну Эламан Коргонбай уулу — мурда алдамчылык жана бейбаштык боюнча кылмыш иши козголгон;
  • Ош шаарынын 33 жаштагы тургуну Курсантбек Шакир уулу — мурда адам өлтүрүү, опузалоо, денеге оор залал келтирүү, каракчылык боюнча соттолгон;
  • Өзгөн районунун Шамал-Терек айылынын 32 жаштагы тургуну Нурбек Чубаков — мурда каракчылык боюнча соттолгон;
  • Өзгөн районунун 31 жаштагы тургуну Актилек Абдибали уулу — буга чейин каракчылык, мыйзамсыз курал сактоо жана уурулук боюнча айыпталган.

Ал эми кримтөбөл Кадырбек Досонов Ош ШИИБи тарабынан окуя болгон күнү 13-январда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анда аталган кылмыш ишине кримтөбөлдүн башка шериктери изделип жатканы айтылган.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин айтымында, эки топтун ортосундагы чыр-чатакка «таасир чөйрөсүн кайра бөлүштүрүү» себеп болгон.

«Жабырлануучу карама-каршы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон. [...] Биз биринчи жана экинчи топторду баңгизатын ташып, тараткан деп шектенип жатабыз», — деди Абдиев.

Мындан тышкары Абдиев кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан өлтүрүлгөн жаран буга чейин бир канча беренелер менен айыпталып жатканын айтты.

«Каза болгон Асан Нурсултан мурда “Каракчылык” жана “Денеге оор залал келтирүү” боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Андан сырткары ал баңги каражаттарын саткандыгы үчүн ИИМдин бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткан болчу», — деп белгиледи Нурбек Абдиев.

Аны менен катар Абдиев жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн Майрамбек Низамов мурда «Опузалап талап кылуу», «Денеге анча эмес оор залал келтирүү», «Тоноо» жана «Ээнбаштык» фактылары менен жоопко тартылганын кошумчалады.

13-январга караган түнү саат 01:15 чамасында Оштогу Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан банктын жанында Кызыл-Кыя шаарында туулган 30 жаштагы кишиге миздүү курч нерсе менен кол салуу болгону кабарланган. Кылмышкерлер ак түстөгү автоунаа менен из жашырып кетишкен.

Ал эми анын 28 жаштагы шериги катуу жабыркап, тез жардам кызматы тарабынан Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Анын өзгөчө бут органдары каттуу жабыр тартканы маалымдалган. Бул факты боюнча материалдар катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Милиция уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүп кеткендерге издөө салды

Ош: Кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө шектелип «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл кармалды