Ош: Кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө шектелип «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл кармалды

Ош шаарында 30 жаштагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө, ал эми анын шеригин сабоого шектелип «Женго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан 13-январда маалымдашты.

Маалыматка караганда, аталган өзгөчө оор кылмыш иши уюшкан топтордун өз ара келишпестигинен улам келип чыккан. Иликтөөнүн жүрүшүндө, кылмышты жасоодо пайдаланылган автотранспорт табылып, башкармалыктын атайын аянтчасына киргизилген.

Милициядан кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар делген Досоновдун үч шериги изделип жатканын белгилешти.

Алар — Өзгөн районунун 28 жаштагы тургуну Акылбек Раимберди уулу, Ош шаарынын 28 жаштагы тургуну Эламан Коргонбай уулу жана Жапалак айылынын 25 жаштагы тургуну Курсантбек Шакир уулу экени маалым болду.

«Учурда кылмышка тиешеси бар жарандарды кармоо боюнча ар тараптуу ыкчам издөө, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

Милиция кылмышка шектүүлөр тууралуу маалыматы болгондорду Ош ШИИБине байланышка чыгууну өтүнөт. Телефон номуру: 03222-4-82-82.

Буга чейин 13-январга караган түнү саат 01:15 чамасында Оштогу Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан банктын жанында Кызыл-Кыя шаарында туулган 30 жаштагы кишиге миздүү курч нерсе менен кол салуу болгону кабарланган. Кылмышкерлер ак түстөгү автоунаа менен из жашырып кетишкен.

Ал эми анын 28 жаштагы шериги катуу жабыркап, тез жардам кызматы тарабынан Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Анын өзгөчө бут органдары каттуу жабыр тартканы маалымдалган. Бул факты боюнча материалдар катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Кадыр Досонов деген ким?

Досонов «Женго» каймана аты менен белгилүү Оштогу уюшкан кылмыштуу топтун башчысы. Ал 2015-жылдын февралында милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берүүгө айыпталган. 2017-жылы Кара-Суу райондук соту да, Ош облустук соту да аны актаган. Көп өтпөй бул чечимди Жогорку сот да күчүндө калтырган.

Кадыр Досонов

2020-жылдын 30-ноябрында УКМК Досоновдун «менчикке каршы оор кылмыш жасоого катыштыгы бар» деп издөө жарыялаган. Кримтөбөл 2021-жылдын 11-февралында кармалып, абакка киргизилген.

Ошол эле жылдын 17-февралында атайын кызмат Досонов «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого» да шектелип жатканы кабарлаган. Ошондой эле, УКМК «Женго» жана анын жакын туугандарына ар кандай класстагы 19 автоунаа, 15 турак жай жана 35 жер тилкеси катталганын билдирген.

Анткен менен Досоновдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева «Женго» кармалбаганын, өзү келгенин кабарлаган. Ошондой эле, ал Досоновдун уулуна жана мурдагы жубайынын бир тууганына укук коргоо органдары тарабынан баңгизат «ташталганын» белгилеген.

Мындан сырткары жактоочу УКМКнын кызматкерлери Досоновго буга чейин «эл көзүнө кармалып берүүсүн» сунуштаганын ачыктаган. Адвокаттын айтымында, атайын кызмат «Досонов аз эле отуруп чыгат» деп убада кылган.

Бирок Сүйүнбаева бул сунуштан баш тарткандан кийин атайын кызмат анын үйүндө «мыйзамсыз» тинтүү жүргүзгөнүн кабарлаган.

2022-жылдын июнь айында «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдаштыруу» беренеси менен айыпталган Досонов Кара-Суу райондук соту тарабынан акталган. Кийинчерээк Ош облустук соту дагы аталган өкүмдү күчүндө калтырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Милиция уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүп кеткендерге издөө салды

Cот «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновду актады

«Женго» каймана аты бар кримтөбөлдү Ош облустук соту да актады