ТИМ башчысы: Кыргызстан башкаруунун демократиялык формасын курууну улантат

Кыргызстан мындан ары да бекем демократиялык башкаруу формасын түзүүнү жана укуктук мамлекетти курууну улантат. Бул тууралуу 2-мартта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Женевада өткөн БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 52-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги сегментинде сүйлөп жатып билдирди.

Кулубаев Кыргызстан мындан ары дагы улуттук мыйзамдарды аракеттеги эл аралык укук нормаларына шайкеш келтирүүнү, сот жана укук коргоо системасын реформалоону, шайлоо системасын жакшыртууну улантарын баса белгиледи.

Мындан сырткары, ТИМ башчысы сессияда президент Садыр Жапаров эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү өлкөнүн тышкы карызын айлана-чөйрөнү коргоо долбоорлоруна алмаштыруу боюнча иш-аракеттерди күчөтүүгө чакырганын билдирди.

Буга чейин Жапаров Кыргызстан карыз болгон өнөктөш өлкөлөргө жана каржы институттарына тышкы карызды төлөгөндүн ордуна «жашыл» долбоорлорду колдоого алуу керектигин айткан.

Январдын аягында президенттин пресс-катчысы мамлекет башчысынын бул боюнча кайрылуусуна алгачкы жооптор келип жатканын белгилеген.

Кулубаев өз сөзүндө COVID-19 пандемиясынын глобалдык экономикага тийгизген оор таасиринен кийин, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тышкы карыздары көбөйүп, аларды тышкы карыз алуу аркылуу өнүгүүгө жетишүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, ошону менен адам укуктарынын ар тараптуу өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жатат деп билдирди.

2022-жылдын февралда Economist Group – The Economist Intelligence Unit деген изилдөө жана аналитикалык бөлүм дүйнө өлкөлөрүндөгү демократиянын деңгээли жөнүндө жылдык отчет жарыялаган. Басылма ал отчеттунда Кыргызстанды авторитардык мамлекеттердин катарына кошкон.

2021-жылы Жарандык коомдун глобалдык CIVICUS альянсы дүйнөдөгү жарандык коомдордун абалы тууралуу 2021-жылга карата баяндамасында Кыргызстанда Жапаровдун тушунда авторитардык башкаруу күчөгөнүн белгилеген.

Ошондой эле, укук коргоочулар акыркы убакытта мамлекетте адам укуктары тебеленип келгенин бир нече жолу айтып чыгышкан. Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму, дүйнө жүзүндөгү адам укуктарынын абалына жасаган жылдык отчёттунда, Кыргызстанда «кыргыз бийлиги жыл бою “сын айткан үндөрдү” жана жарандык коомдуу басмырлоо иши жүргүзүлгөнү, ошондой эле активисттерди камака алган учурлар күч алганын» жазып чыккан.

Январдын аягында басма сөз эркиндиги жана адам укуктары менен алектенген жети эл аралык уюм Садыр Жапаровго кайрылып, Кыргызстанда болуп жаткан «журналисттерге каршы репрессиялар жана сөз эркиндигин басуу күчөп жатканына» тынчсызданып жаткандарын белгилешкен.

Бийлик болсо Кыргызстанда сөз эркиндигине басым болбогонун айтып, көз карандысыз медиалардын толук кандуу иштешине бардык шарттар бар деп кошумчалаган.