Украинада согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандык он жылга соттолду. Бул тууралуу «Клоопко» Биринчи май райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Сот өз чечимин 16-майда чыгарган. Ал жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү колониясында өтөйт.
Сот аны «Жалдануучулук» беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык соттоду — «Мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарынын уруксатысыз материалдык сый акы алуу максатында башка мамлекеттердин куралдуу жаңжалдарына катышуу». Бул берене боюнча, он жылдан он эки жылга чейин эркиндиктен ажыратуу жазасы каралган.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, соттолгон адам 2022-жылдын июнунда Москвада жүрүп, Украинадагы согушка катышуу үчүн өзүн «Луганск элдик республикасы» деп жарыялап алган аймактагы куралдуу топтордун катарына кошулууну чечкен. Июнда Брянка шаарына келип, аскер кызматына кабыл алынган. Ал аскер кызматына кабыл алынган соң чалгындоо операцияларына катышып, аскердик даярдык курстарынан өтүп, фронттун алдыңкы катарында миномёттук орнотмолорду жана ок-дарыларды камсыздап иштеп жүргөнү белгиленет.
2022-жылдын ноябрында кыргызстандык аскер кызматынан бошоп, алгач Москвага, андан кийин Бишкекке кайтып келген.
Айыпталуучу өзү сотто күнөөсүн мойнуна албаганы маалым болду. Анын айтымында, ал аскер кызматына орус паспортун алуу үчүн барган. Ал кызмат өтөгөн 5 ай ичинде аскердик аракеттерге катышпай эле аскердик комиссариатта болгонун билдирген.
Ал Кыргызстанга алып келген 180 миң сому аскердик кызматы үчүн сый акы эмес, өзү чогулткан акча экенин дагы айткан.
УКМК аны үстүбүздөгү жылдын январында кармаган.
УКМКнын маалыматы боюнча, шектүү кыргыз жарандыгы менен Украинанын аймагына көчүп барып, ал жердеги «аскердик топтун катарына кошулуп, согуштук операцияларга катышкан».
Орус армиясы Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салып баштап, бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Бир жыл ичинде Орусия Украинанын бир топ бөлүгүн басып алган, бирок жылдын аягына карай украин армиясы басып алынган аймактын 40%ын бошоткон.
БУУнун 2023-жылдын 1-майына карата маалыматына ылайык, Орусия бастырып киргенден бери Украинада кеминде 8 709 жай тургун каза болгон. Дагы 14 миңден ашык киши жарадар болгон. Уюм каза тапкандар менен жарадар болгондордун реалдуу саны алда канча көп деп эсептейт.
Бир нече мамлекет, анын ичинде Европа биримдигине кирген өлкөлөр жана АКШ Орусияга экономикалык санкцияларды салган. Бул Орусияны санкция астында калган алдыңкы өлкө кылды. Мындан тышкары өлкөлөр орусиялык чиновниктерге, олигархтарга жана бизнесмендерге жеке санкцияларын киргизген.