УКМК: Украинадагы согуштук аракеттерге катышууга шектелген кыргыз жараны кармалды

Украинанын аймагында согуштук аракеттерге катышкан деген шек менен кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 12-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү Украинанын аймагына көчүп барып, ал жердеги аскердик топтун катарына кошулуп, согуштук операцияларга катышкан.

Кармалган шектүү. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Атайын кызматтан шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин белгилешти. Учурда согуштук аракеттерге катыштыгы бар башка да кишилерди аныктоо иштери жүрүп жатат.

Атайын кызмат кыргыз жарандары чет өлкөнүн аймагындагы куралдуу кагылышууларга катышса кылмыш жоопкерчилигине тартыларын буга чейин бир нече жолу эскерткен. Согуштук аракеттерге катышкандардын мүлкү конфискацияланып, он жылга чейин камалышы мүмкүн.

Орусия дээрлик бир жылдан бери Украина менен согушуп жатат. Орус армиясы ал жакка 24-февралда Украинаны «демилитаризация» жана «денацификациялоо» максатында бастырып кирген.

БУУнун маалыматына ылайык, Орусия бастырып киргенден бери Украинада кеминде 6 919 жай тургун каза болгон. Дагы 10 миңден ашык киши жарадар болгон. Уюм каза тапкандар менен жарадар болгондордун реалдуу саны алда канча көп деп эсептейт.

Бир нече мамлекет, анын ичинде Европа биримдигине кирген өлкөлөр жана АКШ Орусияга экономикалык санкцияларды салган. Бул Орусияны санкция астында калган алдыңкы өлкө кылды.

Тема боюнча:

Орусия: Элчилик кыргызстандыктар согуштук аракеттерге катышса жазага тартылаарын эскертти

УКМК кыргыз жаранынын Украинадагы согушка катышканы боюнча кылмыш ишин козгоду