БУУ кыргыз бийлигин «чет элдик тыңчы» жөнүндөгү мыйзам долбоорун чакыртып алууга үндөдү

БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссарынын басма сөз катчысы Равина Шамдасани кыргыз бийлигин «чет элдик тыңчы» жөнүндөгү мыйзам долбоорун чакыртып алууга үндөдү. Анын кайрылуусу БУУнун сайтында жарыяланды.

Ал БУУ мыйзам долбоору боюнча «олуттуу чынчсызданып жатканын» белгиледи. Анын айтымында, долбоор «көптөгөн коомдук уюмдардын ишине таасир этип, сөз эркиндигине жана бирикмелерге болгон негизги укуктардын бузулуусуна алып келиши мүмкүн».

«Мыйзам долбоорунда ишмердүүлүгү “жарандарды жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга же башка мыйзамсыз аракеттерди жасоого түрткөн” деп эсептелген бейөкмөт уюмга жигердүү катышканы же колдоо көрсөткөнү үчүн кылмыш жоопкерчилиги жана 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бул кылмыштын аныктамасы так эмес, кеңири түшүнүктө жана субъективдүү чечмелөөгө жол берилет», — деп баса белгилеген ал. 

Шамдасани долбоор Юстиция министрлигине бейөкмөт уюмарды күтүүсүз текшерүү, документтерин алып коюу сыяктуу кеңири ыйгарым укук берерин белгиледи. Ошондой эле долбоор «саясий ишмердүүлүк» менен алектенген жана чет өлкөдөн каржыланган уюмдарды «чет элдик өкүл» катары каттоодон өтүүнү талап кылат. Талап аткарылбаса, бейөкмөт уюм соттун чечими жок эле алты айга ишин токтотот.

«Биз Кыргызстандын парламентин мыйзам долбоорун четке кагууга чакырабыз», — деп кошумчалады БУУнун камиссарынын басма сөз катчысы.

Буга чейин мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин эки тармактык комитети биринчи окууда жактырды. 17-октябрда парламентте мыйзам долбоору боюнча угуу өтөт.

Чуулгандуу мыйзам долбоору 

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга түзөтүү киргизүүнү сунушташкан. Мыйзам долбоорун парламенттин 33 депутаты демилгелеген. 

Алардын арасында аткаруу бийлигинин тарапташы Надира Нарматова, УКМКнын төрагасынын иниси Шайырбек Ташиев жана «бажычы» Матраимовдор кланынын өкүлү Искендер Матраимов бар.

Демилгечилер Орусиянын «чет элдик тыңчы» деген аныктамасынын бир түрүн киргизип, коммерциялык эмес уюмдарга иш жүзүндө аткара алгыс талаптарды койгулары келет. Орусияда бул мыйзам кабыл алынгандан кийин укук коргоочу уюмдар менен көз карандысыз ЖМКнын баары жабыла баштаган.

Мыйзам долбоорун Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиянын Хелсинки комитети жана Human Rights Watch сыяктуу бир нече эл аралык уюмдар да сынга алышкан.

Мыйзам долбоорунун негизги демилгечиси депутат Надира Нарматова коммерциялык эмес уюмдар («чет өлкөлүк тыңчылар») жөнүндөгү мыйзам долбоорун чакыртып албасын билдирген. Кийин айрым депутаттар долбоорду демилгелөөдөн баш тарткан.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Батышты колдойм/каршымын. Консерватор депутаттар кимдер менен «дос» болгусу келет?