Даниэль Ажиев тогуз жылга эркинен ажыратылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту вебкам-студиялардын ээси Даниэль Ажиевге карата быйыл 31-июлда эле өкүм чыгарганы белгилүү болду.

Соттун маалыматына ылайык, ал притондорду уюштурууга, иштетүүгө, порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таркатууга, уюшкан кылмыштуу топ түзүүгө жана алдамчылык жол менен мүлктүк зыян келтирүү боюнча күнөөлүү деп табылды.

Ажиев мүлкүн косфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыратылды. Сот ошондой эле аны 220 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирип, эки жыл ишкерлик менен алектенүүсүнө тыюу салды. Өкүм күчүнө киргенге чейин ал УКМКнын тергөө абагында камакта калат.

Даниэль Ажиев трансулуттук вебкам-студиялардын түйүнүн уюштурганы үчүн 2023-жылы 5-июнда кармалган.

Соцтармактарда байманалуу жашоосун көрсөтүп мактанган белгилүү бизнесмен Даниел Ажиев мурда да порнография жасоого шектелип кармалганы маалым. Ажиев өзүнүн видеокайрылуусунда кыргызстандыктарга шек келтирип, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулун кылмыштуулукка айыптап чыккандан кийин коомчулукка кеңири таанылган.