❗️Парламент интернетте жалаа жабуу үчүн айып салуу жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды

Image descriptionДепутаттар Жогорку Кеңештин 5-декабрдагы жыйынында ЖМКда жана интернетте «жалаа жабуу, мазактоо» үчүн айып салуу жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырышты.

Документти 61 депутат колдоп, алты эл өкүлү каршы добуш берди.

Ноябрдын аягында парламенттин Укук тартиби боюнча комитети мыйзам долбоорунун өзгөртүлгөн вариантын кабыл алган. Анда айып пулдун өлчөмүн жеке жактар үчүн 100 миң сомдон 20 миң сомго чейин, юридикалык жактарга 200 миң сомдон 60 миң сомго чейин төмөндөтүү сунушталган.

Комитет мүчөлөрү ошондой эле кайсынын жалаа жабуу же мазактоо экенин аныктоо укугу Маданият министрлигинен укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилиши керектигин билдиришкен.

Интернетте жана ЖМКда жалаа жабуу, мазактоо үчүн айып салуу жөнүндө мыйзам долбоорун Маданият министрлиги сунуштаган.