Соттор депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн парламентке кайрылуу укугунан ажыратылды

Image descriptionПрезидент Садыр Жапаров «Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы бул документти парламент 14-ноябрда кабыл алганын билдирди.

Ага ылайык, соттор депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн парламентке кайрылуу укугунан ажырады.

«Мындан ары тиешелүү сунушту Жогорку Кеңешке башкы прокурор гана киргизе алат», — деп белгилешти басма сөз кызматтан.