Gergert Sport'тун негиздөөчүсү Виталий Гергерт эркиндикке чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук соту 30-январда Gergert Sport спорттук дүкөнүнүн негиздөөчүсү Виталий Гергертти эч жакка кетпөө тил катынын негизинде эркиндикке чыгарды.

Маалыматка ылайык, ишкердин бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчтү УКМКнын тергөөчүсү келтирген.

Гергерт кызмат абалынан кыянат пайдалануу ишинин алкагында былтыр декабрда кармалган. Сот аны 4-февралга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Соттон бул иште Gergert Sport'тун негиздөөчүсү «башка фигурантты кылмыш жасоого түрткөн, азгырган адам катары» өтүп жатканын белгилешкен. Анда кеп пайда көрүү максатында жасалган жана байкабастыктан оор кесепеттерге алып келген кылмыштын түрү жөнүндө болуп жатканы айтылган.

2021-жылдын март айында Gergert Sport дүкөнү мамлекетке 21 млн сом зыян келтиргени белгилүү болгон. Анда дүкөн Европадан алып келинген товарлардын аталышы менен баасын жашырып, бажы декларацияларын алмаштырып келгени кабарланган.

Ошол эле жылы июнда Бажы кызматы товарларды коштоп жүрүүчү документтерди текшерип, товарлар Кыргызстандын аймагында декларацияланбаганын аныктаган. Мекеменин эсебине ылайык, мындай аракеттерден улам мамлекетке 8 млн сом зыян келтирилген.