Gergert sport’тун иши. Товар сатууда мамлекетке 8,5 млн сом зыян келтирилгени аныкталды

Мамлекеттик бажы кызматы Gergert Sport дүкөнү тарабынан мамлекетке зыян келтирүү иши боюнча жаңы фактыларды ачыктады.

Алардын маалыматына ылайык, бажы кызматы коштоочу документтерди карап чыгып, товарлар Кыргызстандын аймагында декларацияланбаганын аныктаган.

«Gergert Sport спорттук дүкөндөрүнө товарларды сатуучу ТЭИ катышуучуларынын өкүлүнүн айтымында, европалык логистикалык компаниялардын жумушуна болгон кара ниеттүүлүгүнөн жана каталарынан улам товар коштоочу документтерде туура эмес маалыматтар көрсөтүлгөн. Муну менен бирге, экспорттук документтерде көрсөтүлгөн товарлар ташылып келген жана соода түйүндөрүндө мыйзамсыз сатылган», — деп билдирген бажы кызматы

Жыйынтыгында бажы кызматы эсеп жүргүзүп, мамлекетке 8 млн 559 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин таап чыккан. Иштин материалдары буга чейин козголгон сотко чейинки өндүрүшкө толуктоо үчүн ИИМге өткөрүлүп берилген.

2021-жылдын март айында Gergert Sport спорттук товарлар дүкөнү мамлекетке 21 млн сомго зыян келтиргени белгилүү болгон. Бул жөнүндө ал кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (*финпол) тергөө башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Рысбаев маалымдаган.

*Финпол 2021-жылдын март айында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун чечими менен жоюлган. Анда мекеме «талаптагыдай иштеген эмес» деген жүйөө айтылган.

Рысбаевдин айтымында, Gergert Sport дүкөнүнүн наамына товарлар Европадан сатылып алынган. Бирок жолдон бажы декларациялары алмаштырылып, товарлардын аталышы жана баалары өзгөртүлүп турган.

Товарлар Кыргызстанга Айдай Таласбекованын атындагы бажы декларациялары менен киргизилип, «балтырды жабуучу ар кандай бут кийим» деген ат менен көрсөтүлгөн.

Рысбаев түшүндүргөндөй, товарлардын бааларын жашыруу аркылуу бажы төлөмдөрүн дагы жашырууга болот. Андан сырткары, ал 2015-2019 - жылдар аралыгында Таласбекова «салык кызматына бир да тыйын төлөбөгөнүн» кошумчалаган.