«Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы Жолдош Чуштуков Бишкек шаардык кеңешинин 18-февралдагы жыйынында баш калаадагы жолбун ит-мышыктарды милдеттүү түрдө стерилизация жана кастрация кылуу планы бар экенин билдирди.
Анын айтымында, салыктарды, Соцфонд төлөмдөрүн, ок-дарыларды жана таңгактоо чыгымдарын кошуп эсептегенде, бир итти атууга эле 417 сомдон кетип жатат.
«2025-жылы айлыктарга 4 млн 225 миң сом, калган чыгымдарга 3 млн 118 миң сом карап жатабыз. Жалпысынан иттерди атууга 7 млн 433 миң сом каралган», — деди ал.
Чуштуков жыл өткөн сайын шаарда жолбун ит-мышыктар көбөйүп жатканын белгиледи.
«Биз стерилизация менен кастрацияны милдеттендиргибиз келет. Эгер мен ит сатып алсам, анда ал үчүн мен жоопкерчиликтүүмүн жана аны стерилизация кылып, эмдетишим керек», — деди Чуштуков.
Анын пикиринде, эгер мындай эл аралык тажрыйба киргизилсе, 1-2 жылдын ичинде жолбун жаныбарлардын популяциясы азаят. Ишкана тиешелүү долбоорду Бишкек шаардык кеңешине жакында киргизет деп күтүлүүдө.
2022-жылдын март айынан тарта Кант шаарында жолбун иттерди атуунун ордуна аларга чип тагып, эмдетип жана стерилизация кыла башташкан. Бул Брижит Бардонун жаныбарларды коргоо боюнча фондунун жардамы менен мүмкүн болгон. Долбоорго ылайык, шаарда ошондой эле ветеринардык клиника жана жолбун жандыктар үчүн башкалка жай куруу пландалган.
Брижит Бардо фондунун өкүлү Брижит Олуа аларга Бишкек шаарынын тургундары иттер атып өлтүрүлүп жатканы тартылган видеолорду жөнөтүп, бул маселени чечүүдө жардам сураганы үчүн Кыргызстанга келгенин айткан.