23-мартта Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекованын зор жетишкендиктери тууралуу билдирүү жасады.
«Азия чемпионаттарында Айсулуу Тыныбековадай бир дагы аял мынчалык көп ийгиликтерге жеткен эмес», — деп жазды UWW.
Бүгүнкү күндө кыргыз спортчусунун эсебинде чемпионаттын алты алтын, үч күмүш жана эки коло медалы бар.
Тыныбекова буга чейин UWW версиясы боюнча 2024-жылдын мыкты балбаны деп табылган.
2024-жылдын октябрь айында ал Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү федерациясынын вице-президенти болуп шайланган.
Айсулуу Тыныбекова — Кыргызстандагы эң көп байге жеңген спортчулардын бири. Ал Азиянын алты жолку, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Олимпиададан эки ирет байге уткан, Дүйнө кубогунун ээси.