Асель Байбагышева Эверест чокусун багындырган алгачкы кыргызстандык айым болду

Асель Байбагышева дүйнөдөгү эң бийик чокуга — Эверестке чыгып, бул чокуну багындырган алгачкы кыргызстандык айым болуп калды.

Кыргызстандын альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатовдун айтымында, Байбагышева негизги лагерден 9-май күнү эртең менен чыгып, 54 сааттын ичинде эле чокуга жеткен. Андан соң ал Эверестке Кыргызстандын туусун сайган.

Кыргыз бийлиги Байбагышеваны дүйнөдөгү эң бийик чокуну ийгиликтүү багындырышы менен куттуктап, бул анын жеке жеңиши гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн маанилүү окуя экенин билдирди.

«Сиздин ийгилигиңиз — жынысына карабастан, ар бир адам үчүн шыктандыруучу үлгү. Ал кыргызстандыктардын каалаган бийиктикке жетүүгө жөндөмдүү экенин көрсөтүп, өлкөбүз үчүн чоң сыймык тартуулайт», — деди Минкабдын башчысы Адылбек Касымалиев.

54 жаштагы Асель Байбагышева альпинизм менен сегиз жыл мурда алектене баштаган. Буга чейин ал Жеңиш, Хан-Теңири, Жел-Айдар сыяктуу Кыргызстандын бийик чокуларын багындырган. Байбагышева ошондой эле 8 миң метр бийиктиктеги Манаслу чокусуна кычкылтек баллонун колдонбостон чыккан алгачкы кыргызстандык айым болгон.