Видео: Биринчи май райондук соту парламенттин алдында кармалган активисттердин ишин карап жатат

Ак үйдүн алдындагы эртең мененки акциянын катышуучуларын Биринчи май райондук сотуна жеткиришти. Активисттер Кыргызстандын түштүгүндө газдын жоктугунуна каршы нааразычылык акциясын өткөрүшкөн. Аларга карата милиция кызматкерлерине баш ийишкен эмес деген айып тагылууда.

Кармалган активисттердин бири Мавлян Аскарбеков Kloop.kgге берген маегинде жалпысынан аны кошкондо алты киши кармалгандыгын билдирди — активисттин айтымында, сот имаратына аларды милиция кызматкерлеринин коштоосунда алып келишти.

«Бизде жактоочу да, жактоочулук ишеним кат да жок. Биздин укуктарыбыз жактоочу тарабынан корголбогондуктан соттук процесстин кантип өтөөрүн билбейбиз», — деди Аскарбеков.

Жарандык активисттер менен оппозициялык «Улуттар Биримдиги» партиясынын өкүлдөрү 9-июнь күнү эртең менен Кыргызстандын түштүгүндөгү газ өчүрүүлөргө каршы акция өткөрүшкөн. Анын катышуучулары саясатчыларды эшикке чыгып, бир каптан тезек алууга чакырышкан.

Акция он мүнөткө да созулган жок, бир аздан кийин эле милиция кызматкерлери «талаптарыбызга баш ийишкен жок» деп активисттерди кармап башташкан.

Жалпысынан Ак үйдүн алдына ондон ашпаган активисттер чогулушкан — Kloop.kgнин кабарчылары анда «нааразы болгондорго караганда» милиция кызматкерлери кыйла көбүрөөк болгондугун байкашкан.

Авторлор: Хлоя ГейнеВладимир Цай жана Нурмухаммед Атамбаев