Кристоф Рехаге — немис саякатчысы, жазуучу жана режиссер. Ал өзүнүн Кытайга жасаган саякатынан улам белгилүүлүккө жеткен — Рехаге бир жыл ичинде Пекинден Үрүмчүгө чейин 4500 чакырым аралыкты жөө басып өткөн. «Тайм» журналынын версиясы боюнча, анын ал саякаттын жүрүшүндө тартылган The Longest Way («Узак жол») тасмасы 2009-жылдын эң мыкты вирустук он видеосунун катарына кирген.
2014-жылдын күзүндө Рехаге Кыргызстанда болуп, өлкөнүн түрдүү шаарлары тууралуу укмуштуудай видеолордун сериясын тарткан. Анын тасмаларынын бардыгы тең өзү болгон жерлер, андагы адамдар тууралуу жолдогу кыска жазуулары менен коштолгон.
Kloop.kg Регахенин Кыргызстан тууралуу жазган баяндарынын котормосун жарыялайт.
Рехагенин баянынын башка бөлүктөрү:
Кыргызстанды жөө кыдыруу, I бөлүк: Тоо көлдөрү
Кыргызстанды жөө кыдыруу, II бөлүк: Жети-Өгүз
Кыргызстанды жөө кыдыруу, III бөлүк: Жылкылар жана учактар
Кыргызстанды жөө кыдыруу, IV бөлүк: Кажы-Сай — унутулган кыштак
Кыргызстанды жөө кыдыруу, V бөлүк: Каракол — Ысык-Көлдүн кара колу
Кыргызстандын жөө кыдыруу, VI бөлүк: Чолпона-Ата — күзгү
Бул кадрлар 2014-жылдын сентябрында Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Тамгада тартылган.
(Географиялык координаттары: GPS: 42° 9’0.01″N 77°32’41.08″E)
Алгач мен Кажы-Сайдан Тамчыга чейинки жолду жөө басып өтөйүн деген, бирок анте алган жокмун.
Мен жонумдагы оор жүккө наалат айтып, тердеп-кургап, оор дем алып бара жаттым. Менин жүгүм жөө сейилдөө үчүн өтө эле оор болчу, аны көтөрүп жүрүү абдан кыйын эле.
Мен жол жээгинде оттоп жүргөн жылкылар менен уйларды көрдүм, ал эми мага жол бою Ысык-Көл деп аталган көгүлтүр диск шерик болду.
Бир убакта арыкка тыгылып калган жүк унаасын жана анын айланасындагы кыргыздар менен орустарды байкадым. Алар унааны түртүп чыгарууга аракет кылып жатышыптыр. Кыйкырыктар угулуп, аба чаңга толуп калыптыр.
Мен жонумдагы жүктү түшүрүп, жүк унаасынын артына турдум. Далыларым жеңилдей түштү. Биз сүйлөшүүгө убакыт коротконубуз жок, дароо эле унааны артка, алдыга түртүп баштап, акыркы аны арыктан чыгардык.
Айдоочунун аты Александр экен, ал мени өзүнүн конок үйүнө чакырды. Мен анын каякта жайгашканын сурадым. Ал Тамгада экенин айтып, менден ал жерди билээр-билбестигим жөнүндө сурады.
Анда эски советтик реактивдүү учак бар экен.
Аныкында мен бир нече күн болдум. Александр альпинист экен, ал аскаларга чыгууга кызыгып жүргөн кезде тартылган ак-кара түстөгү сүрөттөрүн көрсөттү.
Ал башка сүрөттөрүнө караганда бирөөсүнө көпкө тигилип турду. Ал тоодо каза болгон досунун сүрөтү экен.
«Ал өзүнүн сүйүктүү иши менен алек болуп жүрүп каза болуптур. Бул жакшы да, туурабы?», — деп сурадым мен.
Александр мага карап, «жок» деп жооп берди.
Бир канча убакытка тынчтык өкүм сүрдү. Биз анын досунун сүрөтүнө үңүлүп отурдук. Ал тоодо тартылыптыр. Ал жылмайып турат.
Сүрөттүн ак-кара түстө болгонуна карабастан мага андагы асман көк сыяктанып турду.
«Жашоо узун болушу керек», — деди Александр.
Рехагенин баянынын башка бөлүктөрү:
Кыргызстанды жөө кыдыруу, I бөлүк: Тоо көлдөрү
Кыргызстанды жөө кыдыруу, II бөлүк: Жети-Өгүз
Кыргызстанды жөө кыдыруу, IV бөлүк: Кажы-Сай — унутулган кыштак
Которгон: Малика Баяз