Текебаев: Өлкөдө Атамбаев оппоненттеринин «беделин кетирүүдө»

Өмүрбек Текебаев «Атамбаевдин оппоненттерин дискредитациялоо боюнча мыйзамсыз жана орой аракеттер болуп жаткандыгын» айтып чыкты. Анын айтуусунда, бул үчүн ЖМК жана көзөмөлдөгү кызматтар тартылып, алар «жалган-жалааларды» таратышууда.

Текебаев муну «авторитардык системаны орнотуп, өлкөнү тоталитардык режимге өткөрүүнүн» аракети деп белгиледи.   

Андан сырткары, Текебаев Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү жөнүндө да айтып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул тууралуу айтып берген адамды издеп жаткандыгын белгиледи. Ал адамды табуу үчүн атайын кызмат өкүлдөрү ар бир үйгө кирип издешкенин да кошумчалады.

«Алар ага зомбулук кылабыз деп ойлоп жатабы? Аны биротоло коркутуп алгысы бар. […] Мен муну бирөөгө басым көрсөтүү катары түшүнүп жатам», — деди ал.

Депутат анын артынан түнү-күнү төрт автоунаа кайтарып жүргөнүн айтты. Ал «"Ата Мекенге" тиешеси бар бардык адамдарды куугунтуктоо боюнча расмий эмес тапшырма берилгенин» да кошумчалады.  

Текебаев аны камакка алып кетишсе да, таң калбай тургандыгын айтат. «Мен кечээ чачтарачка барып, чачымды кыскарттым, дайыма спорттук кийимде жүрөм. Бардык кырдаалга даяр жүрөм, Бакиев учурунда ушундай кооптуу жагдай түзүлгөн эле», — деди ал.  

Конституциядагы өзгөртүүлөр

Текебаев Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы чыккандан баштап, Атамбаев экөөнүн ортосунда тирешүү башталган.

Баш мыйзамды өзгөртүү аракети премьер-министрдин ыйгарым укуктарын, сот бийлигинин үстүнөн көзөмөлдү күчөтүп, улуттук мыйзам чыгаруунун эл аралык артыкчылыктарынан баш тартууга багытталган.

Текебаев, Атамбаев «жакшылыкча» кетип калгысы келбей, Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, «бийликтин борборун өкмөткө өткөрүп берүүгө» аракет кылууда. Депутаттын айтуусунда, Атамбаев өкмөттү «кол жеткис» жайга айландырууда. Себеби, эгер Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилсе, өкмөткө прокуратуранын да тили өтпөй калат.

Баш мыйзамга реформа жасоого Текебаев эле эмес, экс-президент Роза Отунбаева жана Убактылуу өкмөттүн министрлери да каршы турууда.

Атамбаев жана анын тарапташтары, тескерисинче, Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр «бийликти узурпациялоонун» алдын алат деп айтууда.    

Президент 31-августта эгемендүүлүк майрамында сөз сүйлөп жатып, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн сынга алган эле.

Өлкө башчысы 15-сентябрда Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн Кадыржан Батыровдун качып кетүүсүнө тиешеси бар-жоктугун текшерүүнү буюрган.

УКМКнын мансаптуу өкүлдөрү Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек коомунун лидерлери менен жолугуп, алардан экс-президент Роза Отунбаева жана Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүнө каршы «компроматтуу көрсөтмөлөрдү» берүүсүн суранганын «Фергана» басылмасы 19-сентябрда жазып чыккан эле. УКМК Kloop.kgнин бул боюнча суроосун жоопсуз калтырган.

Видео: Азамат Каработоев, Александра Ли