Донецктик сепаратисттер «Мотороланын өлүмүнө шектелгендерди» кармашты

Өздөрүн Донецк элдик республикасы деп атап алган аймактын мамлекеттик коопсуздук министрлиги «Спарта» батальонунун командири Моторола деген ат менен белгилүү Арсен Павловду өлтүрдү деген шек менен алты адамды кармады.

ДЭРдин атайын кызматтары кармалгандарды «Misanthropic Division» украин улутчул уюмунун мүчөлөрү деп атоодо жана аталган уюмдун лидерлери Мотороланын өлүмү үчүн ушул жылдын октябрында жоопкерчиликти өздөрүнө алышкан деп ишендиришүүдө.

«Misanthropic Division» сепаратисттердин билдирүүсүн четке кагып, алардын уюмунун мүчөлөрү Украина көзөмөл кылбаган аймакта жок экенин айтууда.

ДЭРдин атайын кызматтары өз билдирүүсүндө дагы бир жолу Мотороланын өлүмү үчүн Украина коопсуздук кызматын айыпташты.

«ДЭР менен ЛЭРдеги бардык террористтик жана диверсиялык акциялар УКК тарабынан өткөрүлүп жатканы аныкталган. Бул алдын ала Донбасстагы республикалардын лидерлеринин ортосунда карама-каршылыкты көздөгөн оперативдик ой-максаттардын алкагында өткөрүлүүдө», — делет МККнын билдирүүсүндө.

Украин бийлиги сепаратисттердин билдирүүсүнө эч кандай реакция кылган жок.

ДЭР жүргүзүп жаткан кармоо иш-аракеттери эл аралык укук коргоо уюмдары тарабынан тынчсызданууну жаратууда. Өзгөчө күнөөсү жок адамдарды бат-баттан кармап, аларга карата зомбулук көрсөтүү иш-аракеттерине байланыштуу тынчсызданып жатканын билдиришкен.

ДЭРдин атайын кызматынын видеосу:

Павлов өзүнүн үйүндөгү лифттеги жардыруу учурунда 16-октябрда каза болгон. Ал Орусияда төрөлгөн, Украинада биринчи жолу 2014-жылдын апрелинде, орусиячыл президент Виктор Януковичтин бийликтен кулатылгандан эки ай өткөндөн кийин байкалган. Павлов Харьковдогу орусиячыл нааразылык акцияларына катышкан. Харьковдо Донецк менен Лугансктан айырмаланып сепаратист өкмөт түзүү ишке ашкан эмес.

Кийин ал Донецкке өтүп, ал жерде «Спарта» батальонун жетектеп калган. Павлов Донбассты «орус жери» деп атап, украин армиясына каршы 2014-жылдан бери Украинанын чыгышында жүрүп жаткан бир канча ири согушка катышкан.

Украин бийлиги Павловго «террористтик ишмердүүлүгү» жана «мыйзамсыз аскердик топ түзүү» үчүн издөө салган. Ал ошондой эле Евробиримдиктин кара тизмесине киргизилген.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Павловдон украин аскердик туткундарына катаал мамиле кылат деп шек санашкан — өзгөчө ал украин аскери Игорь Брановицкийди 2015-жылдын январында өлтүрүү боюнча айыпталган.

ТЕМА БОЮНЧА:


Донецк: Орусиячыл жикчилдердин талаа командири «Моторола» киши колдуу болду