Учак кулап түшкөндө денесинин 45 пайызы күйүп кеткен Дача-СУ кыштагынын тургуну реанимацияда көз жумду. Ал үй-бүлөсүндө жалгыз аман калган болчу.
Сагынбек Рахманов 4-шаардык оорукананын реанимациясында дүйнөдөн кайтты. Анын терисинин 45 пайызы күйүп кетип, ооруканага оор абалда келип түшкөн.
Дача-СУнун 29 жаштагы тургуну үй-бүлөсүндө аман калган жалгыз адам болчу. Учак кулап түшкөндө анын эки кызы жана кош бойлуу жубайы курман болгон.
Анын үй-бүлөсү Ноокен районунда жерге берилген.
Рахманов «Боинг-747нин» кыйрашынан курман болгондордун 39-болуп калды. Учак кырсыгынын натыйжасында Дача-СУ кыштагындагы 60тай адам жашаган 23 үй кыйрап калган.
Калган үйлөрдө адамдар дагы эле баш калкалап, аларга гуманитардык жардам берилүүдө.
Үйсүз калгандары болсо убактылуу Бишкек шаарындагы «Семетей» мейманканасына көчүрүлгөн.
ТЕМА БОЮНЧА:
- «Боинг-747нин» кулашы: курман болгон 36 кишинин өздүгү аныкталды
- «Боинг-747нин» кыйрашы: Компенсация алыш үчүн калп айткан адам кармалды