Бишкекте Жибек Жолу проспекти менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде автоунаа жөө кыяда кетип бараткан жаш кызды сүзүп кетти. Жабыркаган кыз башынан жаракат алып ооруканага жеткирилди.
Активист Айбек Баратов «Фейсбуктагы» барагында жөө кыяда бараткан кызды автоунаа сүзүп кеткени тууралуу видеону жарыкка чыгарды.
Кадрларда биринчи автоунаа «ала белгинин» алдына токтогону, бирок ошол учурда кызыл бус чоң ылдамдыкта аны арттан келип күү менен сүзгөнү көрүнүп турат. Анын түрткүсү менен биринчи автоунаа кызды сүзүп алган.
Бишкектин кайгуул милициясы кызыл бустун айдоочусу кармалганын кабарлады. Анын автоунаасы штрафтык токтотмого жиберилди.
Жол кырсыгына кабылган кыз башынан жаракат алып ооруканага жеткирилди.
ТЕМА БОЮНЧА:
- Видео: Бишкек-Балыкчы жолунда айдоочу бир кызды сүзүп өлтүрүп изин жашырган
- Видео: Бишкектин борборунда маршруттук такси оодаралып кетти, жаракат алгандар бар
- Видео: Бишкекте жөө кишилердин өткөөлүндө студент кызды автоунаа коюп кетти